Бир цитата: Төрага Шакиев бейөкмөт уюмдар жаштарды туура эмес жолго салып жатканын айтты

Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев бейөкмөт уюмдар жаштарды туура эмес жол менен алып баратканын жана Кыргызстанда «терс көрүнүштөр» көбөйгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин 9-марттагы жыйынында кургак учук жана ВИЧ илдети менен күрөшүүгө грант бөлүү маселесин талкуулоо учурунда айтты.


«Урматтуу депутаттар, Жылдыз Эсенбековнанын [депутат Садырбаева-ред.] айткан сөздөрүнө терең маани беришибиз керек. Биздин бир топ жаштарыбызды бейөкмөт уюмдар кайсы жака алып барып жатат, кайсы каражаттар менен? Бул биздин келечегибизге өтө чоң сокку. Бул жерде трансгендерлер жөнүндө сөз болуп жатат. Биз маани бербегенибиз менен, мындай терс көрүнүштөр аябай өсүп баратат, биз [буга каршы] кескин күрөшүбүз керек […] Бул улуттук чоң көйгөй, мунун кесепети аябай жаман болот», — деди ал.


Төрага депутат Жылдыз Садырбаеванын бейөкмөт уюмдарга түшкөн гранттык каражаттарды көзөмөлгө алууну сунуштаган сөзүнө ушундай реакция кылды.

Садырбаеванын айтымында, 2024-жылы Глобалдык фонд Кыргызстанга кургак учук жана ВИЧ менен күрөшүүгө 29 млн доллар грант бөлөт. Ал мурдагы жылдары грантты БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) алып жүргөнүн, бирок өзгөчө макамы бар болгондуктан, каражатты кандай бөлүштүргөнү боюнча отчёт бербегенин айтты. Андан соң ал ушундай эле гранттардын бири боюнча ПРООНдун чыгашасы жөнүндө макаланы көрсөттү.

Ошондой эле, Садырбаева кесиптештерине кайрылып, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ВИЧ жана кургак учук менен күрөшүү боюнча комиссияны жокко чыгарып, кайрдан жаңы комиссия түзүүнү сунуштады. Анын айтымында анын курамында эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү көп, алар «көпчүлүк добуш менен үстөмдүк кылып» келишет жана жеке кызыкчылыктары бар.