Жогорку Кеңеш педофилдерди өлүм жазасына тартуу боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин 61 депутаты президентке педофилдерди өлүм жазасына тартуу боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады. Бул маалыматты 10-мартта «Клоопко» Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тастыктады.

Депутат Дастан Бекешевдин маалыматына ылайык, Жогорку Кеңештин токтом долбоору жакынкы арада кароого коюлат. Анын демилгечиси — «Элдик» депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев.

«Популисттик мыйзам»

Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Борбордук Азиядагы аймактык программалык менеджери Бегайым Замирбек 10-мартта «Клоопко» маек курду.

Замирбек статистикалык маалыматтарга таянып, жаш балдар көбүнчө үй-бүлөнүн жакындары жана туугандары тарабынан зордуктоого кабыларын эскертти.

Анын айтымында, балдар ансыз деле кылмыш болгонун ачык айтышпайт, ал эми мунун натыйжасында киши өлтүрүлүшү мүмкүн экени айтылса жаап-жашыруу мындан да күч алат. Ошондой эле көпчүлүк учурда тууганчылык байланыштар бекем болгонуна байланыштуу үй-бүлөнүн өзү кылмыш тууралуу ооз ачпай коюшу ыктымал.

«Эгерде [педофилдерди] балдарга зордук-зомбулук көрсөткөнү үчүн өлтүрүшсө, ал эми баланы өлтүргөн учурда жеңилирээк жаза берсе, анда зордукчуларга зордуктоодон кийин баланы өлтүрүп, сөөгүн жок кылуу пайдалуураак болот. Анткени, алар киши өлтүрүүгө айыпталып кармалса деле зордуктоого караганда азыраак жазаланат. Мындай популисттик мыйзам бул жерде эң баалуу нерсе, адегенде баланын өмүрү экенин унутуп коюп жатат. Андан кийин гана зордукчулга жазаны караш керек», — деп билдирди Бегайым Замирбек.

Парламентте буга чейин дагы балдарды зордуктаган жана өлтүргөн окуялардан кийин депутаттар кылмышкерлерге жазаны күчөтүп, Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүүнү демилгелеп келишкен.

Бирок юристтер Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүүдөн мурда, биринчи кезекте, иштеп жаткан мыйзамдарды, тактап айтканда, жоопкерчилик чараларын колдонуу системасын тартипке келтирүү керек деп эсептешет.

Ошондой эле депутат Жанар Акаев Кыргызстандын сот системасы адилетсиз экенин, ошондуктан бул демилге «жүздөгөн кишинин өлүмүнө себеп болуп калышы мүмкүндүгүн» эске салган.

«Андай айбанчылыкка баргандарды сөзсүз жектешибиз керек. Азыркы сот системасы менен өлүм жазасын киргизгенибиз адилеттүү болобу? Жазанын андан башка дагы көптөгөн түрлөрү бар. Мына Казакстан быйыл өлүм жазасынан кайтты. Мына ушул жагын дагы ойлойлу», — деген Акаев.

Акаевди кесиптеши, депутат Медербек Алиев да колдоп, «соттор өлүм жазасы жөнүндөгү өкүмдү акчасы жокторго чыгара баштайт» деп билдирген.

Кыргызстанда өлүм жазасы жокко чыгарылган. 1998-жылы ошол учурдагы президент Аскар Акаев өлкөдө өлүм жазасына мораторий киргизген. Ал мораторий 2007-жылга чейин улам жылдырылып келген.

2007-жылы 25-июнда Жогорку Кеңеш мындай жазаны мыйзам менен жокко чыгарып, эң жогорку жаза катары өмүр бою эркинен ажыратууну белгилеген. Ал эми 2007-жылы 21-октябрда кабыл алынган жаңы Конституцияда өлүм жазасы таптакыр жокко чыгарылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутат педофилия үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады

Балдарга карата сексуалдык кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүү идеясынын эмнеси туура эмес?

Бир цитата менен: Депутат Акаев соттордун адилетсиздигинен улам өлүм жазасына каршы чыкты