5-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда үрөй учурган окуя катталганы маалым болду. Милиция 14 жаштагы Айдай аттуу өспүрүм кыз мыкаачылык менен өлтүргөнүн билдирди.
Кызды өлтүрүүгө шектелип төрт киши кармалды. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Азаттыкка» бардык тиешелүү экспертизалар жүргүзүлгөндөн кийин тергөө «Зордуктоо» беренеси менен да кылмыш ишин козгошу мүмкүн экенин билдирди.
Бул Кыргызстанда кыздарды зордуктап, андан кийин өлтүрүп койгон биринчи окуя эмес. Ага карабастан, зөөкүрлөр көпчүлүк учурда жазасыз калышат.
Кыздарынын коопсуздугуна тынчсызданган көпчүлүк кыргызстандыктар соцтүйүндөрдө мыйзамдарды зөөкүрлөрдү өлүм жазасына тартып же кастрациялоого жол бергендей катаалдантууну талап кылышууда. Сот адилеттигине ишенбей калгандар кылмышкерлерди сот жана тергөөсүз эле өзүлөрү жазалап коерун айтышууда.
Бул маселе парламентте да көтөрүлдү. Жылдын-жылга балдарды зордуктаган жана өлтүргөн окуялардан кийин депутаттар кылмышкерлерге жазаны күчөтүп, Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүүнү демилгелеп келишет.
Бирок юристтер, укук коргоочулар жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары өлүм жазасын киргизүү акыйкаттуулукту орнотпой эле, тескерисинче, өлкөдө ансыз деле жетиштүү болгон акыйкатсыздыкты көбөйтөрүн айтышууда.
Өлүм жазасын киргизүү менен Кыргызстандагы зордук-зомбулук эпидемиясын айыктырууга болобу жана эмне үчүн ага киргизүүгө каршы чыккандар эгер өлүм жазасы кирсе, колунда жок, күнөөсүз адамдар анын курмандыгы болуп калышы мүмкүн деп жатышат?
«Менин жалгыз кызым бар эле. Мектепти жакшы окучу. Көчөгө [уруксаты жок] чыкчу эмес. Ошол зөөкүрлөрдү атып салгыла же болбосо элге бергиле. Ошону биз өзүбүз кылабыз», — деп билдирди Айдайдын атасы.
Элге берип шариат мыйзамдары боюнча жазалоо
Киши колдуу болгон Айдайдын ата-энеси Асан Мырзабдыллаев менен Жумагүл Мырзабдыллаева Turmush басылмасына интервью берип, жалгыз кызынын өлүмүн кабыл алуу оор болуп жатканын айтышты. Алар кылмышкерлерди катаал жазага тартууну талап кылышууда.
«Менин өзү жалгыз кызым бар эле. Мектепте дагы жакшы окуйт эле, көчөгө да [уруксатсыз] чыкпайт эле. Ошол зөөкүрлөрдү же аткыла, же болбосо элге бергиле, ошону биз өзүбүз кылабыз анда», — деди Айдайдын атасы.
Кыздын кан жутуп отурган апасы ушундай эле пикирди карманып турат.
«Өлүм жазасын берсин! Элдин алдына салып туруп, менин алдымда ошол үчөөнү атсын», — деди Айдайдын апасы
Маркумдун үй-бүлөсүнүн досу акыркы жылдары Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулук көбөйгөнүн, мунун алдын алуу үчүн бийлик катаал чараларды көрүшү керектигин эске салды.
«Ушундай нерселер кайталанбай турган деңгээлге жетиш керек. Ушундай акыбалга келип калган үй-бүлөлөрдүн, элдин талабы — өтө катуу иштей турган мамлекеттин мыйзамы болсун. Эгер мыйзам иштебесе, анда шариаттын мыйзамына коюп берсин. Элдер өздөрү чечип алат. Мурда мындай маселени аксакалдар мыйзамы жок эле чечип келишкен. Анда ошондойго алып келиш керек», — деп эсептейт ал.
Ысык-Көл облусунун Түп айылынын тургундары кыздарды уурдоо, зордуктоо жана өлтүрүү көбөйгөндүктөн, кыздардын коопсуздугун ойлоп коркуп жатышканын айтышты.
«Аябай жаман окуя болду. [Айдайдын зордукталып, андан кийин өлтүрүлгөнү тууралуу] жаңылыкты окуганда жүрөгүм ооруду. Менин эки кызым бар, алар үчүн корком», — деди айыл тургуну Венера.
Айылдын өспүрүм кыздары бул окуядан кийин ансайын коркуп жатышканын айтышты.
«Бизге унаалар сигнал басышса же бир нерсе деп сүйлөшсө абдан коркобуз. Жазаны күчөтүү керек», — дешет алар.
Айыл тургуну Турдубек Түнкатаров да балдарга карата ушундай кылмыш жасаган кылмышкерлер жашоого татыксыз деп эсептейт.
«Зордуктагандары аз келгенсип, өлтүрүп да кетишиптир. Айрымдар мыйзамдардан коркушпайт. Мындай кылмышкерлерди өздөрүн өлтүрүш керек», — деди ал.
Кыргызстанда балдарга карата сексуалдык кылмыш жасагандарды өлүм жазасына тартуу демилгесин 7-сентябрда депутаттар колдоп чыгышты. Алардын арасында Ырысбек Атажанов, Тазабек Икрамов, Адахан Мадумаров жана Чолпон Султанбекова бар.
Султанбекова сот реформасын күтүүнүн кереги жок деп эсептейт. Анын айтымында, реформага болгонго чейин ондогон жылдар керек жана ал убакта балдарга карата дагы көп кылмыштар жасалып кетет.
«Биз сот системасы ойдогудай иштей башташын күтсөк, дагы көп баланы жоготобуз. Эң коркунучтуусу — бул жашоодогу нормалдуу нерсе болуп баратат. Биз телефонду ачып эле дагы кимдир бирөөнү зордукташканын көрөбүз. Бул нерсе үй-бүлөдө болуп жатканы эң коркунучтуу. Өздөрүнүн тууган-жакындары кыздар менен балдарды зордуктап жатышат. Ошондуктан бул маселени көтөрүп, олуттуу чечимдерди кабыл алуу керек», — деди ал.
Өлүм жазасы колунда жоктор үчүн гана болуп калат
Анткен менен коомчулукта жана парламенттин трибунасында кооптонгон пикирлер айтылууда. Депутаттардын, юристтердин жана укук коргоочулардын бир бөлүгү Кыргызстанда сот реформасы болбогонун жана өлүм жазасынын кириши сот системасындагы көптөгөн каталардан улам, колунда жок жана социалдык жактан корголбогон жарандардын курмандыгына алып келиши мүмкүн экенин эскертишет.
Депутат Жанар Акаев кесиптештеринин өлүм жазасын киргизүү сунушуна комментарий берип жатып, Кыргызстандын сот системасы адилетсиз экенин, ошондуктан «жүздөгөн кишинин өлүмүнө себеп болуп калышы мүмкүндүгүн» эске салган.
«Андай айбанчылыкка баргандарды сөзсүз жектешибиз керек. Азыркы сот системасы менен өлүм жазасын киргизгенибиз адилеттүү болобу? Жазанын андан башка дагы көптөгөн түрлөрү бар. Мына Казакстан быйыл өлүм жазасынан кайтты. Мына ушул жагын дагы ойлойлу», — деди Акаев.
Акаевди кесиптеши, депутат Медербек Алиев да колдоду. Анын айтымында, соттор өлүм жазасы жөнүндөгү өкүмдү акчасы жокторго чыгара баштайт.
«Сот бийлиги кандай экенин, сот процесстери кандай жүрөрүн баарыбыз билебиз. Дагы деле бей-бечаранын балдары өлүм жазасына тартылат, атылып жана соттолуп кетет. Колунда бар байлар эч убакта өлүм жазасына тартылбайт. Бул ачуу чындык. Мүмкүн келечекте, идеалдуу түрдө сот системасы болгондон кийин, тергөө органдары абсолюттуу кристалдык түрдө таза болгондон кийин ойлонуштурсак болот», — деп билдирди депутат.
Соттордогу коррупция туралуу юрист Индира Саутова да үн катты. Анын айтымында, «капчыгы калыңдар» жоопкерчиликтен качып кетишет.
«Бул беренеге кедей жана күнөөсүздөр туш болуп калышы мүмкүн», — деди ал.
Иштеп жаткан мыйзамдарды иретке келтирүү керек
Юрист ошондой эле, Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүүдөн мурда, биринчи кезекте, иштеп жаткан мыйзамдарды, тактап айтканда, жоопкерчилик чараларын колдонуу системасын тартипке келтирүү керек деп эсептейт.
«Тараптардын жарашуусу менен зордуктаган адамды жоопкерчиликтен бошотуу мүмкүнчүлүгүн алып салуу керек. Мындайды [жабыркаган балдардын] ата-энелери жасайт. Балдарга карата сексуалдык кылмыш жасагандарды мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаруу укугуна ээ кылган эрежени алып салуу керек. Сексуалдык кылмыштар менен соттолгондорду жатак абагына которуу, башкача айтканда дээрлик толук эркиндикте болуу ченемин алып салгыла. Соттор менен тергөөчүлөрдөн актыны туура эмес квалификациялоого жол берген коррупциялык терезени алып салгыла», — деп билдирди ал.
Анын айтымында, мындай нормалар депутаттардын Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү демилгесине караганда натыйжалуу болот.
Өз кезегинде IWPR’дын (Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту) Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн программалык менеджери Бегайым Замирбек кылмыштын алдын алууда жазанын татаалдыгы эмес, жазадан эч кайда кача албастыгы маанилүү экенин эскертти.
«Эгер сот системасы зордуктагандарды сот залынан бошотпой, мыйзам чегинде катуу жазаласа, бул бардык зордуктаган адамдарга бул өлкөдө зомбулук көрсөткөндөр жазаланат деген белги болмок», — деди ал.
Ошондой эле, Бегайым зомбулуктан жабыркагандар соттордун жана укук коргоо органдарынын адилеттүлүгүнө ишенбейт, ошондуктан жардам сурап кайрылган учурлар өтө аз экенин баса белгиледи. Айрыкча бул балдарга тиешелүү болгондо — алар мага ишенбей коюшат деп коркушат.
«“Политклиниканын” иликтөөсүнө караганда, көпчүлүк учурда балдарды туугандары жана үй-бүлөнүн жакын адамдары зордуктайт. Биздин өлкөдө үй-бүлөлүк жана туугандык байланыштар бекемдигин эске алганда, жакындары тараптан болгон зордук-зомбулукту жашырат. Анткени уялышат жана ызы-чуудан качышат. Мындай кылмыштарды жаап-жашыруунун пайызы канчага өсөөрүн элестете аласызбы? Жабыркаган үй-бүлө алардын тууганы же жакын адамы система менен өлтүрүлбөшү үчүн зомбулукту жашырып калат», — деп билдирди ал.
Анын айтымында, зордук-зомбулук көргөн балдар «эч качан зөөкүрлөрдү жазалоо менен акыйкаттуулукка жете алышпайт жана эң жакын адамдары тарабынан басым-кысымга туш болушат».
Өлүм жазасы кылмыштардын алдын албайт
Ал эми дүйнөлүк практика өлүм жазасы кылмышты жок кылбай турганын көрсөтүп турат. БУУ дүйнөдөгү өлкөлөрдү бир нече ирет өлүм жазасынан баш тартууга чакырып келген.
«Өлүм жазасы кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө шарт түзөт деген эч кандай ишенимдүү далил жок. Ал эми өлүм жазасы киргизилсе, сот системасындагы кандай гана катачылык же кемчилик болбосун, калыбына келтирилгис жана кайра оңдолгус мүнөзгө ээ болот», — деп билдиришти БУУдан.
«Балдардын укуктарын коргоо лигасы» коомдук фондунун башчысы БУУнун 1996-жылдагы изилдөөсүн эскертип, өлүм жазасы балдарга карата кылмыштарды жок кылбай турганы далилденгенин айтат. Анын айтымында, мыйзам боюнча өлүм жазасын алып салган өлкөлөр боюнча статистика өлүм жазасын аткаруу менен кылмыштуулуктун деңгээлинин ортосундагы байланыштын жоктугун тастыктап турат.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожоев «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын 9-сентябрындагы отурумунда балдарды зордуктоодо айыпталуучулар үчүн ылайыктуу жаза — өлүм жазасы эмес, өмүр бою эркинен ажыратуу экенин айтты.
*Кыргызстандын азыркы мыйзамында «өлүм жазасы» деген пункт жок. Адамга же адамдарга жазанын эң оор түрү болуп — өмүр боюу эркинен ажыратуу болуп саналат.
«Педофил — моралдык жактан эң төмөн түшкөн адам буга барат деп ойлойм, анан муну адам деп эсептөө да абдан кыйын. Анан өлүм жазасы дегенде, ар кандай пикирлер болуп жатпайбы. Кээ бири өлүм жазасы болгон жерде кылмыштуулук азайган жок деп, өлүм жазасы болгон жерде деле кылмыштуулуктун деңгээли ушундай эле болуп жатат деп [айтышууда]. Менин оюмча, иштеп жаткан кодекстер боюнча “өмүр бою эркинен ажыратуу” жазасы бар. Өмүр бою эркинен ажыратуу жетиштүү деп ойлойм», — деген ИИМдин башчысынын орун басары.