Бир цитата менен: Депутат Акаев соттордун адилетсиздигинен улам өлүм жазасына каршы чыкты

Парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында бир нече депутат педофилдерге карата өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады. Депуттар Баткен облусунун Кадамжай районундагы 14 жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу ишке ушундай реакция кылышты.

Бирок депутат Жанар Акаев кесиптештеринин демилгеси максатка ылайыктуу экенинен күмөн санады.


«“Өлүм жазасы” деп жатасыңар, коомдо талкуу кетти. Урматтуу туугандар жашы жете элек балдарды зордук-зомбулукка кабылткандарды өлүмгө чейин алып келгенди бүтүндөй кыргыз коому жектешибиз керек, айыпташыбыз керек. Андай айбанчылыкка баргандарды сөзсүз жектешибиз керек. Азыркы сот системасы менен өлүм жазасын киргизгенибиз адилеттүү болобу? Балким ура, ура менен өлүм жазасын киргизебиз деп, жогорку жетекчиликке ушундай идеяны берип, анан ошого барып жүздөгөн бейкүнөө адамдардын тап-такыр күнөөсү жок өлүп кетишине себепкер болуп калбайлы[…] Жазанын андан башка дагы көптөгөн түрлөрү бар. Мына Казакстан быйыл өлүм жазасынан кайтты. Мына ушул жагын дагы ойлойлу», — деди Акаев.


Ал адам укуктарына тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр өзүнчө мыйзамдар менен эмес, референдум аркылуу киргизүү керектигин кошумчалады.