Депутат Түмөнбаев тамеки стиктерине салынуучу акциздик салыкты өзгөртүү сунушун кайтарып алды

Депутат Акылбек Түмөнбаев тамеки стиктерине акциздик салык тууралуу сунушун артка кайтарып алды. Анда ал учурда дааналап эсептелген тамеки стиктерин килограммдап эсептөөнү сунуштаган болчу. Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңештин 13-марттагы жыйынында билдирди.

Буга чейин анын коллегасы Дастан Бекешев бул демилгени сынга алган, ал «мындай учурда IQOS тамеки стиктерин өндүргөн компаниялар Кыргызстандын бюджетине эки эсе аз салык төлөп каларын» айткан.

Ал эми Түмөнбаев аны туура эмес түшүнүп алышканын, ал «тескерисинче тамеки стиктерине салыкты жогорулатып, бюджетке түшүүчү каражатты көбөйтүүнү каалаганын» айткан.

«Менин сунушум мамлекетибиздин бюджетине кошумча киреше алып келүү гана болгон. [...] Мына тамеки бизде эң арзан. Ошолордун салыгы эң аз болуп атканы үчүн жыл сайын акциз кошулсун деген сунуш [айткам]. Ал эми стик тамекиден кыска, кичинекей болгондуктан килограмм деп сунуш бергем. Ошол стикке карап эле бир компаниянын же тамеки алып келип жаткан Japan Tobacco’бу же Philip Morris’пи, ошолорду “сүрөмөлөп” жатат деп бөлөк жакка буруп салдыңар да», — деп нааразы болду Түмөнбаев.

Мурдараак Дастан Бекешев Түмөнбаевдин тамеки стиктеринин даанасына эмес, ар бир килограммына салык салуу сунушун сынга алган. Бекешевдин айтымында, IQOS стиктерин өндүргөн компаниялар Кыргызстандын бюджетине эки эсе аз салык төгүшмөк, мындан улам бул «айрым саясатчылардын кадимки эле лоббиси деп эсептей турганын» билдирген.

Бекешев аталган саясатчылар «электрондук тамекилер кадимки тамекидей зыяндуу эмес деген пикирди жамынып жатышканын» белгилеген. Бирок Саламаттык сактоо министрлигининин адистери кадимки тамекилер да, электрондук тамекилер да ден соолукка бирдей зыяндуу деп эсептешет.