Кыргызстандын ТИМи Тажикстанга убактылуу барбай турууну суранды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарга Тажикстанга баруудан убактылуу баш тартууну сунуштады. Себеби «тажик тарап расмий билдирүүсүз өлкөгө кирүүнү чектөөдө». Мындай кайрылууну министрлик 14-мартта жарыялады.

«Кыргызстандын Тажикстандагы Элчилигинин маалыматы боюнча, Дүйшөмбү шаарындагы эл аралык аэропортко келген учурда, чек ара көзөмөлүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын жарандарын киргизбей коюуда. Мындай жагдайда авиабилеттерди сатып алууга жана транзиттик зонада кайтып келүүчү каттамды күтүүгө байланыштуу кошумча финансылык чыгымдар пайда болот», — деп билдиришти ТИМден.

Кыргыз ТИМи жарандардан Тажикстанга барбай туруусун буга чейин да суранган. Мындай сунуштаманы мекеме 2022-жылдын октябрында жана декабрында да берген.

Анда министрликтен мунун себебин азыркыдай эле Кыргызстандын жарандарына чектөөлөр уланып жатканы менен түшүндүрүшкөн.

Ошол эле учурда Кыргызстан 2021-жылдын майында эле Тажикстандын жарандарына өлкөгө кирүүгө жана чыгууга убактылуу чектөө киргизген. Чектөөлөр Кыргызстандын аймагы аркылуу транзит кылып өтүүгө да салынган.

Ошол учурда премьер-министр болуп турган Улукбек Марипов чектөөлөр эки өлкөнүн чек арасындагы маселелери чечилгенге чейин созуларын билдирген. Ал эми 2022-жылдын сентябрында «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан «Клоопко» бул чектөө дагы деле күчүндө экенин билдиришкен.