Клара Сооронкулова операциядан кийин дарыгерлердин тыюусуна карабай ТИЗОго кайтарылды

Конституциялык соттун экс-судьясы, Кемпир-Абад ишинин фигуранты Клара Сооронкуловага операция жасалгандан кийин, дарыгердин тыюу салганына карабай 14-март күнү кайрадан ТИЗОго киргизилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Чынара Жакупбекова айтып берди.

Анын айтымында, операциядан кийин дарыгерлер Сооронкулованы реабилитация учурунда ТИЗОдо кармоого болбойт деген тыянак чыгарган. Адвокат тергөөнүн бул аракеттери гумандуулукка каршы келерин айтат.

«Мен тергөөчүгө ал изолятордо болбошу керек деген дарыгерлердин корутундусун жөнөткөм, бирок ага эч ким реакция кылган жок. Ал көпкө чейин бутунда тура албайт, ал дагы бир дарыланууга муктаж», — деди Жакупбекова.

Маалыматка ылайык, Сооронкулова 20-февралда дарылануу жана операция жасатуу үчүн ооруканага жаткырылган. 10-марта Сооронкулова ооруканада жаткан кезде Бишкек шаардык соту баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тарткан.

Биринчи май райондук соттун чечимине ылайык Сооронкулова 20-апрелге чейин камакта калат. Мындан тышкары ага фейсбукта Мирлан Ураимовдуку делген постту бөлүшкөнү үчүн дагы бир айып тагылганы белгилүү болгон.

Сооронкуловадан тышкары Кемпир-Абад ишинин башка да фигуранттары ооруканага которулган. Алар да дагы ооруканага бир нече ай ТИЗОдо отурганан кийин түшкөн. Алсак, буга чейин активист Улукбек Маматаев менен Перизат Суранова, ошондой эле оппозициянер Равшан Жээнбеков жана экс-депутат Орозайым Нарматова да ооруканага жаткырылган.

Бирок сот Суранова менен Нарматованы гана ден соолугуна байланыштуу үй камагына которгон. Алар дарыланып бүткөндөн кийин ТИЗОдогу камераларына кайтышы керек.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Укук коргоочу уюмдар жана кармалгандардын жакындары муну саясий куугунтук деп атап, калыс териштирүүнү суранып президентке кайрылып, ошондой эле бир катар нааразылык акцияларына чыгышкан.

Ал эми тергөө Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитеттин жолугушуусунан жаздырып алынган аудиого таянып, алар толук масштабдуу митингдерди уюштуруп (буга өлкөнүн мыйзамдары тыюу салбайт), бийликти басып алууну каалашкан деп айтууда.

Бирок кармалгандардын баары эле тергөө айтып жаткан комитеттин жолугушуусунда болгон эмес жана баары эле аталган комитеттин мүчөсү эмес. Анткени менен бардык фигуранттардын айыптоо корутундулары бирдей эле. Алардын баары тең бирдей чечимдердин негизинде төрт айдан бери ТИЗОдо отурат.

2023-жылдын январында ИИМ Кемпир-Абад ишине толугу менен жашыруун макамын берген, бул мындай чечим негизсиз деген адвокаттардын нааразычылыгын жараткан. 15-марта Бишкек шаардык соту жашыруун мөөр жарым-жартылай алынып салынды.