Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова жеке менчик ооруканага жаткырылды

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулова жеке менчик ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 21-февралда «Клоопко» Жаза аткаруу кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сооронкулова 20-февралда ооруканага жаткырылган. Ал медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин, дарыгерлер жыйынтык чыгарары айтылды.

Үстүбүздөгү жылдын 10-февралында Сооронкуловага фейсбукта Мирлан Ураимовдуку делген постту бөлүшкөнү үчүн дагы бир айып тагылганы белгилүү болгон. Ага чейин «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» деген айып тагылып келген..

15-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча 11 кишини абакта калтырып, ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын жана куруучу Нурлан Асанбековдун үй камагында калтыруу мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан.

Ал эми 16-февраль күнү сот 7 кишинин абактагы мөөнөтүн узартып, ден соолугуна байланыштуу активист Талантбек Эшалиевди дагы эки айга үй камагында калтырган.

17-февралда Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева жана Рита Карасартованын — тергөө абагындагы мөөнөтү эки айга узартылган. Ал эми Перизат Суранова үй камагына чыгарылган.

Кармалгандардын ичинен учурда ден соолугуна байланыштуу саясатчылар Мамбетжунус Абылов менен Равшан Жээнбеков ооруканада.

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Укук коргоочу уюмдар жана кармалгандардын жакындары муну саясий куугунтук деп атап, калыс териштирүүнү суранып президентке кайрылып, ошондой эле бир катар нааразылык акцияларына чыгышкан.

Кийинчерээк абактагы 19 активист ачкачылык жарыялаган. Ачкачылык жарыялагандан кийин көпчүлүгүнүн ден соолугу начарлап, айрымдары аларды ооруканага которууну талап кылышкан. Абактагылар «күнөөлөрү жоктугун» айтышып, аларды бошотууну талап кылып келишет.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келген. Анда Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өткөрүлүп берилген.