Адвокат: Клара Сооронкуловага Фейсбукта постту бөлүшкөнү үчүн дагы бир айып тагылды

Кемпир-Абад ишинин фигуранты Клара Сооронкуловага Фейсбукта Мирлан Ураимовдуку делген постту бөлүшкөнү дагы бир айып тагылды. Бул тууралуу «Клоопко» саясатчынын адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.

«Өткөн жылдын февралында ал камактагы Ураимовду колдоо постун бөлүшкөн. Ал жерде комментарийде постту эмне үчүн бөлүшкөнүн негиздеп берген. Кечээ бизге ошол бөлүшүү үчүн “бийликти күч менен кулатууга чакырыктар” беренесин тагышты. Эми талашабыз. Бул иш жашыруун эмес», — деди ал.

Адвокат Сооронкулова постту Ураимовду коргоо үчүн уюштурулган #камасаңар баарыбызды камагыла деген флешмоб башталган учурда чыгарганын айтты.

«Пост туура бир жыл мурда жарыяланган, УКМК ошондо эле экспертиза дайындаган, бирок иш козголгон эмес. Эми болсо Кемпир-Абад иши боюнча эч нерс таба алышпай, бир жыл мурдагы постко асылууну чечишиптир», — деп белгиледи ал.

Жакупбекованын айтымында, ушундай эле айып Кемпир-Абад ишинин дагы бир фигуранты Орозайым Нарматовага дагы тагылды. Нарматова дагы Ураимовго таандык делген постту бөлүшкөн.

Мирлан Ураимов

Активист жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовду УКМК 2022-жылдын 8-февралында соцтүйүндөрдөгү комментарийлерде «бийликти басып алууга чакырык жасоого» айыптап кармаган. Ураимов өзү комментарий жазбаганын, аккаунтун эбак эле бузуп киришкенин, аны колдонбой калганын айткан.

Кийин УКМК активист Мирлан Ураимов «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Атайын кызмат активист социалдык тармактарда «чагымчыл материалдарды тараткан» деп белгилеген. Анда Ураимов 26-мартка чейин ТИЗОго киргизилген.

9-мартта активист Бишкек шаардык сотунун чечими менен эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.

Кемпир-Абад иши

Өткөн жылдын октябрында укук коргоо органдары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындап, аны коргоо боюнча комитет түзгөн 30га жакын саясатчы менен активисттерди кармаган.

ИИМ анда кармалгандар «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип жатканын билдиген. Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулганын» айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын «ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат» деп эсептешет.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Ал эми президент Садыр Жапаров камактагылардын туугандарынын аларды бошотуу кайрылуусуна кимдир бирөөнү бошоткула деп буйрук бере албасын айтып жооп берген.