Депутат Бекешев милиция кишиге тапанча салып койгонун айтып чыкты. ИИМ муну четке какты

Депутат Дастан Бекешев Телеграм каналында ыкчам чара көрүү тобунун коштоосунда Бишкектин тургунунун үйүнө милиция кызматкерлери кирип келип, тинтүү жүргүзгөн видеону жүктөдү. Анын айтымында, тинтүү учурунда Октябрь РИИБнин кызматкерлери жаранга тапанча ыргытып коюшкан.

Бекешев окуя болгон учурда тартылган тасманы ага жабырлануучу тарап алып келгенин жазды. Анын айтымында, буга чейин ИИМ шаар тургунунун үйүнөн аскердик тапанча табылганы тууралуу маалымат тараткан болчу.

«Октябрь РИИБнин кызматкерлери тапанчаны өздөрү алып келишкен. Муну милиция кызматкерлери көрбөй калган видеожаздыруудан байкоого болот. Үйгө бастырып киргенден кийин милиционерлер жарыкты өчүрүп, бардыгын тинтип,болгон видеожаздырууларды алып кетишкен», — деп жазды депутат.

Эл өкүлү жабырлануучу тарап тергөө учурунда көрсөтүүгө даяр болгон дагы башка далилдер да бар экенин белгиледи.

«Айрым маалыматтарга ылайык, тапанчаны милиционерлер таап алган жана башка иш боюнча далил зат катары сакталып турган», — деп кошумчалады ал.

ИИМ эмне дейт?

ИИМден Бекешев такталбаган маалымат таратканын айтышууда.

«Мындай негизсиз билдирүүлөр укук коргоо органдарынын кадыр-баркына жана аброюна доо кетирет. Саясатчылар, айрыкча эл өкүлдөрү айтып жаткан сөздөрүндө максималдуу түрдө бейтарап, өтө кылдат жана этият болушу керек деп эсептейбиз», — деп билдиришти ИИМден.

Мекеменин маалыматына ылайык, курал ошол тапанчаны уурдоого шектелген 32 жаштагы кишинин батиринен табылган. Тапанча жоголгону тууралуу жабыркаган тургундар билдиришкен, алар үйүнөн зер буюмдар жана сейфте сакталып турган курал уурдалганын айтышкан.

«Тинтүү учурунда бөлмөлөрдүн биринен 7,62 калибрлүү эки магазини жана октору менен ТТ маркасындагы тапанча табылган. Алдын ала маалыматка ылайык, курал белекке берилген жана ушул жылдын январь айында уурдалган», — деп билдиришти ИИМден.