Кемпир-Абад иши. ТИЗОдогу активист Маматаев оор абалда ооруканага жаткырылды

15-мартка караган түнү Бишкектеги ТИЗО-1де кармалып турган Кемпир-Абад ишинин фигуранты Улукбек Маматаев ооруканага жаткырылды. Азыр ал жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова менен активист Касиет Мамырбай билдиришти.

«Улукбек Маматаев кечээ кечинде эстен танып, тез жардам менен шаардык ооруканага жеткирилген. Врачтар Маматаевдин өт баштыкчасында чоң таш бар дешүүдө. Ошондой эле, өт баштыкчасында “водянка” бар экен, ал жарыла турган болсо, эмне болорун бир Кудай гана билет. Азыр Улукбек агайдын абалы оор, өзүнө келе элек», — деп айтты Касиет Мамырбай.

Адвокат Асель Аргымбаева Мамырбаев азырынча эсине келбегенин «Азаттыкка» билдирди. Жактоочу анын баш коргоо чарасы өзгөртүлбөгөнүн айтууда.

«Өзүн жакшы сезип калганга чейин ооруканада болушу мүмкүн», — деп айтты ал.

Маматаевден тышкары Кемпир-Абад ишинин башка да фигуранттары оор абалда ооруканага жаткырылган. Буга чейин Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулова да ооруканага жаткырылган, бирок операция жасалгандан кийин дарыгерлердин тыюу салганына карабастан камакка кайтарылган.

Активист Перизат Суранова менен экс-депутат Орозайым Нарматова да ооруканага жаткырылган, кийин ден соолугуна байланыштуу үй камагына которулган. Ошондой эле оппозиционер Равшан Жээнбеков да ооруканага жаткырылган, бирок анын да баш каргоо чарасы өзгөртүлгөн эмес.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Укук коргоочу уюмдар жана кармалгандардын жакындары муну саясий куугунтук деп атап, калыс териштирүүнү суранып президентке кайрылып, ошондой эле бир катар нааразылык акцияларына чыгышкан.

Ал эми тергөө Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитеттин жолугушуусунан жаздырып алынган аудиого таянып, алар толук масштабдуу митингдерди уюштуруп (буга өлкөнүн мыйзамдары тыюу салбайт), бийликти басып алууну каалашкан деп айтууда.

Бирок кармалгандардын баары эле тергөө айтып жаткан комитеттин жолугушуусунда болгон эмес жана баары эле аталган комитеттин мүчөсү эмес. Анткени менен бардык фигуранттардын айыптоо корутундулары бирдей эле. Алардын баары тең бирдей чечимдердин негизинде төрт айдан бери ТИЗОдо отурат.

2023-жылдын январында ИИМ Кемпир-Абад ишине толугу менен жашыруун макамын берген, бул мындай чечим негизсиз деген адвокаттардын нааразычылыгын жараткан. 15-марта Бишкек шаардык соту жашыруун мөөр жарым-жартылай алынып салынды.