Мамлекеттик сатып алууларда Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларга артыкчылык берилет

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн товарларды мамлекет тарабынан сатып алуулар жөнүндө тескемеге кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясынан билдиришти.

Документке ылайык, уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 50 жана андан ашык пайызды түзгөн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, акционердик коомдорго өнөр жай продукциясын ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн товарларды артыкчылыктуу негизде сатып алуу сунушталды.

Ошондой эле минкабга мамлекеттик муктаждыктар үчүн сатып алуулар үчүн ата мекендик өндүрүш товарларына белгиленген тартипте алып салууну белгилөө тапшырылды.

Улуттук режим чет өлкөлүк товарларга жана кызматтарга Кыргызстанда өндүрүлгөн товар жана кызматтары менен бирдей шартта мамлекеттик сатып алууларга катышууга жол берчү.

Өлкө ичинде өндүрүлгөн товар жана кызматтарды Улуттук режимден бөлүп чыгуу мамлекеттик сатып алууларда чет өлкөлүк товар жана кызматтарга салыштырмалуу артыкчылык берет.

Минкаб мындай чектөөлөрдү ички рынокту коргоо, улуттук экономиканы өнүктүрүү жана жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн киргизип жатат.