УКМК экс-вице-премьер Зилалиевди кайра кармады. Бул жолу коррупцияга шектелүүдө

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы вице-премьер -министр жана Өнөр жай мамкомитетинин экс-башчысы Дүйшөнбек Зилалиевди кармады. Бул тууралуу 16-мартта УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Зилалиев 2017-жылы пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып 50 миң доллар пара алган.

«Бирок, З.Д.Т. айтылган убадаларын аткарган эмес жана алган акча каражатын кайтарып берген эмес», — деп билдиришти УКМКдан.

15-мартта ал УКМКнын ТИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Дүйшөнбек Зилалиев кылмыш ишине биринчи эле жолу шектелип жаткан жок. 2018-жылдын декабрында ал «мыйзамсыз баюуга» шектелип кармалган.

Ал убакта аткаминерден декларацияга кирбеген 1 млн доллар, батирлер, кеңсе орун жайлары жана зер буюмдары табылган. Ошол эле учурда Зилалиевдин жана жубайынын 2011-жылдан 2017-жылдагы расмий кирешеси 3 млн сомду түзгөн.

Зилалиев өзү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүнү талап кылып ага жана үй-бүлөсүнө кысым көрсөтүлүп жатканын айткан.

2021-жылдын июнунда Жогорку сот Зилалиевди мыйзамсыз баюу иши боюнча актаган. Жогорку сот Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 5-октябрында жана Бишкек шаардык сотунун 2021-жылдын 15-мартында чыгарган өкүмдөрүн жокко чыгарган.

Зилалиевдин кылмыш иши «токтом кылынган өкүмдөрдүн жокко чыгышына алып келүүчү процессуалдык бузуулар кетирилгендиктен» Биринчи май райондук сотуна кайрадан кароого жиберилген.

2021-жылдын декабрында Зилалиев Биринчи май райондук соту тарабынан эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.