Жогорку сот мыйзамсыз баюуга шектелген Дүйшөнбек Зилалиевди актады

Жогорку сот 23-июнда экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди мыйзамсыз баюу иши боюнча актады. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Бул чечими менен Жогорку сот Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 5-октябрында жана Бишкек шаардык сотунун 2021-жылдын 15-мартында чыгарган өкүмдөрүн жокко чыгарды. Эки сот тең Зилалиевди «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Жогорку сот мурдагы аткаминердин кылмыш ишин «токтом кылынган өкүмдөрдүн жокко чыгышына алып келген процессуалдык бузууларга жол берилгенине байланыштуу» Биринчи май райондук сотуна жаңы кароого жөнөттү.

Зилалиевдин кармалышы

Дүйшөнбек Зилалиев 2018-жылы декабрда «мыйзамсыз баюуга» шектелип кармалган. Ал убакта аткаминерден декларацияга кирбеген 1 млн доллар, батирлер, кеңсе орун жайлары жана зер буюмдары табылган. Ошол эле учурда Зилалиевдин жана жубайынын расмий кирешеси кыйла аз болгон.

Зилалиев өзү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүсү үчүн ага жана үй-бүлөсүнө карата кысым көрсөтүлүп жатканын айткан.

Сам Зилалиева утверждал, что на него и его семью давят, чтобы он дал показания против бывшего президента Алмазбека Атамбаева.

2020-жылдын 5-октябрында Биринчи май райсоту Зилалиевди күнөөлүү деп таап, аны тогуз жыл эркинен ажыраткан, ошондой эле аны үч жылдык мөөнөткө чейин мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыраткан. Кийин Бишкек шаардык соту бир нече жолу, катары менен төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Октябрь окуяларынан кийин, өлкөдө бийлик алмашканда Зилалиевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова мыйзамсыз баюуга айыптоо негизсиз экенин, анткени кутучулардан табылган акчалардын ичинен 300 миң доллар Зилалиевдин досуна таандык болгон деп айтып чыккан.

Ошондой эле, анын айтымында, калган 700 миң доллар президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабына таандык болгон. Ал каражат 2017-жылы күтүүсүз чыгымдарга деп сакталып турган.