Экс-вице-премьер-министр Зилалиев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 17-январда «Клооптун» журналисттине мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эч жакка кетпөө тил каты менен боштулганын билдирди.

Басма сөз кызматтын маалыматына караганда, мындай чечимди сот 2021-жылдын 6-декабрында чыгарган. Зилалиевдин баш коргоо чарасы эч жакка кетпөө тил катына өзгөртүлгөн.

Зилалиевдин кармалышы жана акталышы

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 2018-жылы декабрда «мыйзамсыз баюуга» шектелип кармалган. Ал убакта аткаминерден декларацияга кирбеген 1 млн доллар, батирлер, кеңсе орун жайлары жана зер буюмдары табылган. Ошол эле учурда Зилалиевдин жана жубайынын 2011-жылдан 2017-жылдагы расмий кирешеси 3 млн сомду түзгөн.

Зилалиев өзү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүсү үчүн ага жана үй-бүлөсүнө карата кысым көрсөтүлүп жатканын айткан.

2020-жылдын 5-октябрында Биринчи май райсоту Зилалиевди күнөөлүү деп таап, аны тогуз жыл эркинен ажыраткан, ошондой эле аны үч жылдык мөөнөткө чейин мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыраткан. Кийин Бишкек шаардык соту бир нече жолу, катары менен төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Октябрь окуяларынан кийин, өлкөдө бийлик алмашканда Зилалиевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова мыйзамсыз баюуга айыптоо негизсиз экенин, анткени кутучулардан табылган акчалардын ичинен 300 миң доллар Зилалиевдин досуна таандык болгон деп айтып чыккан.

Ошондой эле, анын айтымында, калган 700 миң доллар президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабына таандык болгон. Ал каражат 2017-жылы күтүүсүз чыгымдарга деп сакталып турган.

2021-жылдын июнунда Жогорку сот Зилалиевди мыйзамсыз баюу иши боюнча актаган. Жогорку сотБишкектин Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 5-октябрында жана Бишкек шаардык сотунун 2021-жылдын 15-мартында чыгарган өкүмдөрүн жокко чыгарган.

Зилалиевдин кылмыш иши «токтом кылынган өкүмдөрдүн жокко чыгышына алып келүүчү процессуалдык бузуулар кетирилгендиктен» Биринчи май райондук сотуна кайрадан кароого жиберилди.