Кеминдин тургуну айылдашын «бычактап өлтүрүүгө» шектелип кармалды

Чүй облусунун Кемин районунда 34 жаштагы киши 69 жаштагы айылдашын бычактап өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу 19-мартта «Клоопко» облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-мартта райондук милицияга Кызыл-Октябрь айылынын тургуну үйүндө тоңуп каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине барган милиция кызматкерлери сөөктү үйдөн алып чыгышкан. Тергөө учурунда маркумдун сол кулагынын астында бычактан алган жаракаты бар экени аныкталган.

Бул боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары ошол эле айылдын 34 жаштагы тургуну кармалган. Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, маркумдук өлүмүнө мас абалдагы эркектердин чыр-чатагы себеп болгон.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

18-мартта Ысык-Көл районунда курулушта иштеп жүргөн адамды өлтүрүүгө шектелип төрт киши кармалган.

Шектүүлөрдүн айтымында, маркум менен 27 жаштагы шектүүнүн ортосунда пикир келишпестик болгон. 13-мартта шектүү достору менен маркумду унаа менен Өрнөк айылына алып барып, сабап өлтүрүшкөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көл: Курулушта иштеп жүргөн адамды өлтүрүүгө шектелип 4 киши кармалды