Видео: Катуу шамалдан улам Тамчыдагы аэропорттун тосмосу урап калды

18-мартта катуу шамалдан улам Тамчыдагы «Ысык-Көл» аэропортунун тосмосунун бир бөлүгү урап калды. Күбөлөр окуянын видеосун социалдык тармактарга жарыялашты.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар шамалдан улам жолдун жээгиндеги дарактар дагы кулап түшкөнүн билдиришти.

Азыркы тапта шамалдын кесепетинен тургундар канча зыян тартаканы белгисиз. Жеринде жарандык коргонуу боюнча комиссиянын кызматкерлери иштеп жатат.

Тамчыдагы аэропорт 2003-жылдын августун айында ачылып, 2011-жылдынь июнунда эл аралык статуска ээ болгон. Анда өкмөт аэропортту реконструкциялоого 80 миллион АКШ доллар жумшаган.

2023-жылдын январында президент Садыр Жапаров Тамчыдагы аэропортко барып, модернизациялоо долбоору менен таанышкан. Анда аэропорттун аймагын кеңейтилери, кошумча тосмолорду орнотулары жана селден коргоочу жаңы курулмалар салынары кабарланган. Ошондой эле бийлик аэропортко саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турчу жаңы аэровокзал комплексин курууну пландаган.