Бишкектин тургуну апасын өлтүрө сүзгөн айдоочуну жазага тартууну суранууда

Бишкектин тургуну Азизкан Алымбаев президенттен жана укук коргоо органдарынан апасы Миркүл Айткулованы өлтүрө сүзгөн кишини жазага тартууну суранууда. Ал өз кайрылуусун 19-мартта Instagram барагына жүктөдү.

Алымбаевдин айтымында, автокырсык үстүбүздөгү жылдын 30-январында Тыныстанов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

«Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Камылжан Маматов ылдамдыкты чектен ашырып, кызыл светофордон өтүп, жөө адамдар өтүүчү жашыл светофордо өтүп бара жаткан апам Миркүл Айткулованы сүзүп кеткен. Менин апам оор жаракаттарды алган. Оң жана сол жак мээсине кан куюлуп, боору жарылып, көкүрөк сөөгү, оң жана сол жагынан сегиз кабыргасы, далысы жана акыреги, ошондой эле жамбашы сынып кеткен. Үч күндөн кийин апам төртүнчү шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан», — деп жазды ал.

Алымбаев анын апасы 50 жашта болгонун кошумчалады.

«Ал абдан жашоону сүйгөн адам эле, ушул жылы саякатка чыгууну пландап жаткан. Буга чейин көп мамлекеттерде болгон. Ал энергияга толгон позитивдүү адам болчу. Ошол күнү эртең мененки чуркоого чыкканда аны айдоочу Камылжан Маматов сүзүп кетип жанын алган», — деп жазды ал.

Алымбаев жана анын үй-бүлөсү шектүүнү үй камагына чыгарган Свердлов райондук сотунун өкүмүнө нааразы болду.

«Камылжан Маматов эркиндикте жүрүп жасаган кылмышынын оордугун түшүнгөн жок! Ал жазаланбай каламын деп ойлоп жатса керек, анткени Кыргызстанда иш жүзүндө мыйзамдын иштеши кыйын», — деп эсептейт каза болгон аялдын уулу.

Алымбаев президентке жана укук коргоо органдарына кайрылып, апасынын өлүмү боюнча иш Биринчи май райондук сотунда мыйзамдуу түрдө каралышын суранды.