Депутат Марат Мураталиев 17-мартта парламенттин профилдик комитетинин жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жылдыз Полотованы жасалган жумушу боюнча отчётко жакшы даярданбаганы үчүн жемеледи. Ал Полотованы депутаттардын суроолоруна жооп бере албаган министрликтеги экинчи аял орун басар экенин айтты.
«Мен экинчи аял орун басарды көрүп атам, айыл-чарба министрлигинде дагы бир орун басар Жылдыз Арстанбековнадай болуп, трибунага чыгып, анан башкалар жооп берчү. Тажикстандагы кыргыздарды силер түнү ойготсо билишиңер керек да, министрдин орун басары катары. Кечирип коюңуз албетте, бизди эл карап турат, тиякты колуңузду көрсөтөсүз “айтып койчу” деп. Тышкы иштер министрлигин көрдүңүзбү, шак-шак биринен-бири талашып айтып атышат, билишет алар. Маалыматыңыз болушу керек да», — деди депутат.
Депутаттын сөзүн кесиптеши бөлүүгө аракет кылды, бирок Мураталиев уланта берди: «Мына гендердик саясат дейсиңер, Чолпон Аалыевна (парламенттин депутаты — ред), кыйкырасыңар, министрликтердеги экинчи орун басар, эч нерсе айта алабйт. Ошон үчүн [кызматка] коюп атканда [ караш керек да]».
Чолпон Султанбекова кесиптешине жооп кылып: «Гендер болсо Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине аял кишини коюп бергиле, иштейбиз!» — деп айтты.
Мураталиевди мындай жооп канааттандырган жок, ал сөзүн улады: «Өзүңүз көрүп атпайсызбы [эмне деп жооп беришти билбейт]. Ушуга бир дайынданып келгиле, мындан кийин! [...] Билесиз [Жылдыз Полотова] Ооганстандагы биздин кыргыздарды, тагдырын. Муну жатка билиш керек, рахмат».
Квоталар демократияга каршы келеби?
Парламентте гендердик квотага байланышкан талаш-тартыш маал-маалы менен чыгып турат. Февралда парламент депутаты Динара Ашимова мамлекеттик органдарда гендердик баланс сакталышына мониторинг кылуу үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуштаган.
Ашимованын айтымында, учурда жергиликтүү кеңештерде аялдардын 30%дык квотасы жөнүндө мыйзамы сакталбай жатат, ал гендердик баланс аткаруу бийлигинде да сакталбай жатканын кошумчалаган.
Буга депутат Медербек Алиев гендердик квота демократияга каршы келет жана ал парламентке киргизилгени менен жакшы иштеп кеткен жери жок деп жооп берген.
«Кесиптештер, менимче, Борбор Азияда аялдардын укуктары Кудайга шүгүр, жогорку деңгээлде сакталат. Биз энелерди сыйлайбыз, бейиш энелердин таманында. Болгону кээде аша чабуу болуп кетип жатат», — деп эсептейт Алиев.
Алиевдин сөздөрү депутат Элвира Сурабалдиеваны ачууланты. Сурабалдиева Кыргызстанда аялдардын укуктарынын абалы «абдан начар» деп жооп кайтарган.
«Биз баарыбыз мыйзамдарды Жогорку Кеңеште кабыл алабыз, ал эми аймактарда ал [мыйзамдар] аткарылбай жатат. Бирок шайлоого келгенде баарыңыздар 51%ды издейсиңер. Бирок биздин добуш керек болгондо гана. Ал эми биздин тең укуктуулугубуз менен добушубузга келгенде керегибиз жок. Бул комиссиябы же жумушчу топ болобу — ал абдан керек», — деген Сурабалдиева.
Анын айтымында, аялдардын 30%дык квотасы эч бир жерде сакталбайт.
«Андыктан, сый-урматты жок дегенде парламенттен баштайлы. Эгер парламентте кесиптештерибиз “кыздар силерде баары жакшы, силердин ордуңар ашканада” дей берсеңер, анда бул сөздөрүңөрдү шайлоодо эсиңерге салабыз. Шайлоого төрт жыл калды, убакыт бат эле өтөт», — деп сөзүн жыйынтыктаган депутат.
Минкабдагы жалгыз аял
Учурда 30%дык гендердик квота мыйзам чегинде парламент үчүн гана киргизилген, анда дагы партиялык тизме менен шайланып келүүчү 54 депутат үчүн. Бир мандаттуу округдан депутаттар квотасыз эле шайланып келет. Министрлер кабинети үчүн бекитилген гердердик квота жок.
Министрлер кабинетинин учурдагы курамы — аялдардын өкүлчүлүгү боюнча эң начар курамдардын бири. Учурда өкмөттүн курамында болгону бир аял министр бар — Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Гүлнара Баатырова. 15-мартта президент Динара Кутманованы Жаратылыш ресурстары министрлигинен себебин түшүндүрбөй кызматтан алган.
Бишкекте 23-январда үч күнгө созулган облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешме аягына чыккан. Ал минкабдын башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы менен Бишкектеги Ала-Арча резиденциясында өткөн.
Кеңешмеге ар башка даражадагы мамлекеттик кызматкерлер жана аткаминерлер, анын ичинде, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана акимдер катышкан. Бирок, кеңешмедеги расмий сүрөттөрдө бир дагы аял жок.
Кыргызстанда эмне үчүн аткаминер аялдар аз?
Мындай теңсиздиктин себептеринин бири — бул «айнек шып» делген нерсе — аялдардын адискөй сапаттарына байланышы жок, алардын карьералык тепкичтен жогорулашын чектеп турган көзгө көрүнбөгөн тоскоолдук.
Бул тоскоолдук каныбызга терең сиңип калган аял жакшы жетекчи боло албайт, анын башкы милдети — бала төрөө жана үй-бүлөнун очогун сактоо деген стереотипке байланыштуу. Бул стереотиптен улам аялдар өздөрү дагы дымагын, амбициясын тыйып жүрүшөт.
«Эркек 25% аракет кылган жерден аял 250% аракет кылышы керек. Аялга шектүү карашат, айрыкча, эркектерди башкарып, буйрук берүү талап кылынган жерде», — деген «Клоопко» берген интервьюсунда дептуат Элвира Сурабалдиева.
Көрүнбөгөн тоскоолдуктарга оюндун бейформал эрежеси да кирет. Мисалы, минкабдагы кесиптештердин бири теңине албаса, бир нече айлап парламент жана өкмөттөгү негизги оюнчулар менен жолугууга мүмкүнчүлүк болбойт. Кээде жыйында берген суроону ачык эле укмаксанга салып, кулак сыртынан кетирген учурлар болот.
Ал тургай саясий бомонддун кыргыздар үчүн маанилүү үй-бүлөлүк иш-чараларына чакырылбай калуу да мааниге ээ. Башты бийик кармап, мындай «майда-баратка» көңүл кош мамиле жасаганда өкмөттө аял киши демилгелеген маселелер узак убакытка чечилбей туруп калат.
Ошол эле учурда, аялдар иши менен бирге үй жумуштарын да кошо ала кетет. Кыргызстанда иштеген иши бар аялдар үй жумуштарына эркектерге караганда үч эсе көп убакыт кетиришет.
Ал тургай кесиптин өзүн, иштей турган жерин да үй иштерин кошо алып кеткенге ыңгайлуу жана жолго аз убакыт кеткидей жерди тандашат.
Аялдарды бийликтен «сүрүп чыгаруу»
2013-жылы жарыяланган аялдардын саясий укуктары бузулганы тууралуу изилдөөдө Кыргызстанда аялдарды башкаруу тармагынан «сүрүп чыгаруу тенденциясы» байкалып жатканы айтылган. Натыйжада «аял — башкарма, лидер» түшүнүктөрү унутулуп баратат. Анын ордуна, тескерисинче, «аял — начар башкарма, аялга үй-бүлө очогунда отурганы жакшы» деген стереотип калыптанууда.
Акыркы 10 жылда аялдар менен эркектердин ортосундагы теңсиздикти кыскартуу боюнча Кыргызстан мурдагы КМШ өлкөлөрүнүн ичинде барынан артта калган. Мисалы, Казакстанда гендердик теңсиздиктин индекси — аялдардын саламаттык сактоого, саясий турмушка жана эмгек рыногуно жеткилигин баалоочу көрсөткүчү — 3 эсе түшүп кеткен, ал эми Арменияда — 2,3 эсе, ал эми Кыргызстанда — болгону бир жарым эсе.
«Клооптун» журналисттеринин эмне үчүн азыркы министрлер кабинетинде бир эле аял бар деген суроосуна президенттин администрациясынан маселе гендердик квоталардын жоктугунда деп жооп беришти.
«Биз [гендердик квотаны] жаңы гана иштеп чыгуудабыз [...] Бизде [учурда] мыйзамда аялдар үчүн квота каралган эмес, ошондуктан азыр аны жигердүү киргизип жатабыз», — деп билдиришти президенттин администрациясынан.
Ал жактан 2030-жылга чейинки Улуттук гендердик теңчилик стратегиясында аткаруу бийлигиндеги кызматтардын баары үчүн 30%дык аялдар квотасы тууралуу ченем киргизүү сунушталып жатканын билдиришти. Бирок азырынча бул документ иштелүүдө гана.
Тема боюнча окуңуз: «Аялдарга эмне жок?» «Клооптун» өкмөттөгү теңсиздик жөнүндө изилдөөсү