Депутаттар маморгандарда гендердик баланс сакталып-сакталбаганын текшерүүнү сунушташты

Парламент депутаты Динара Ашимова мамлекеттик органдарда гендертик баланстын сакталышына мониторинг кылуу үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуштады. Бул сунушун депутат социалдык саясат комитетинин 13-февралдагы жыйынында айтты.

Ашимованын айтымында, учурда жергиликтүү кеңештерде аялдардын 30%дык квотасы жөнүндө мыйзамы сакталбай жатат, ал гендердик баланс аткаруу бийлигинде да сакталбай жатканын кошумчалады. Депутат ага жана башка депутаттарга аялдардын үнү жетпей, аларды мыйзамды көзгө илбей кызматтан алып жатышканы тууралуу көптөгөн даттануулар түшүп жатканын билдирди.

Буга депутат Медербек Алиев гендердик квота демократияга каршы келет жана ал парламентке киргизилгени менен жакшы иштеп кеткен жери жок деп жооп берди. «Кесиптештер, менимче, Борбор Азияда аялдардын укуктары Кудайга шүгүр, жогорку деңгээлде сакталат. Биз энелерди сыйлайбыз, бейиш энелердин таманында. Болгону кээде аша чабуу болуп кетип жатат», — деп эсептейт Алиев.

Алиевдин сөздөрү депутат Элвира Сурабалдиеваны ачууланты. Сурабалдиева Кыргызстанда аялдардын укуктарынын абалы «абдан начар» деп жооп кайтарды.

«Биз баарыбыз мыйзамдарды Жогорку Кеңеште кабыл алабыз, ал эми аймактарда ал [мыйзамдар] аткарылбай жатат. Бирок шайлоого келгенде баарыңыздар 51%ды издейсиңер. Бирок биздин добуш керек болгондо гана. Ал эми биздин тең укуктуулугубуз менен добушубузга келгенде керегибиз жок. Бул комиссиябы же жумушчу топ болобу — ал абдан керек», — деди Сурабалдиева.

Тема боюнча окуңуз: Бир кадр менен: Мамлекеттик жетекчилик кызматтардагы гендердик теңсизди

Ал 2021-жылдын январындагы аял өлтүрүүлөрдүн санын, ал окуялардан кийин көп өтпөй эле иштен алынган эркектер кайра эле милицияга кайтып келгенин эске салды. Сурабалдиеванын айтымында, 30% квота эч жерде сакталбай жатат.

«Андыктан, сый-урматты жок дегенде парламенттен баштайлы. Эгер парламентте кесиптештерибиз “кыздар силерде баары жакшы, силердин ордуңар ашканада” дей берсеңер, анда бул сөздөрүңөрдү шайлоодо эсиңерге салабыз. Шайлоого төрт жыл калды, убакыт бат эле өтөт», — деп сөзүн жыйынтыктады депутат.

Эмне үчүн саясатта аялдар керек?

Мыйзам боюнча, парламентте, жергиликтүү жана шаардык кеңештерде, Жогорку жана Конституциялык сотто, ошондой эле БШК, Эсептөө палатасында жана Акыйкатчы институтунда 30% гендердик квота сакталышы керек. Бирок көп учурда бул ченем башка мамлекеттик органдарды айтпасак да ал түгүл парламентте да сакталбайт.

Ага карабастан парламент 2021-жылдын июлунда Жогорку Кеңешке келүүнү каалаган аялдар үчүн гендердик квотаны өзгөрткөн. Аралаш шайлоо системасы кабыл алынган, ал боюнча депутаттар париялык тизме жана бир мандаттуу округдардан шайланып келет. Натыйжада 30%дык гендердик квота партиялык тизмеге гана жайылтылып, бул аялдардын Жогорку Кеңеште көрсөтүлгөндүгүн азайткан.

Парламентте тек агана аялдар үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, кыздарды мажбурлап никеге тургузуу үчүн уурдоо жана алардын укуктарын коргоо керектиги тууралуу маселелерге кайдыгер эмес. Парламентте эркектер үй-бүлөлүк зомбулук жана адам уурдоо үчүн жазаларды күчөтүү сунушталган мыйзам долбоорлоруна каршылык көрсөткөн учурлар кездешет.

Дагы окуңуз: «Аялдарга эмне жок?» «Клооптун» өкмөттөгү теңсиздик жөнүндө изилдөөсү