21-мартта сүрөтчү Татьяна Зеленская кыргызстандыктарды Нооруз менен майрамы менен куттуктап, улуттук даамдарды Midjourney нейротүйүнү аркылуу каармандарга айландырды.

Сүрөттөрдө самса, курут, сары май, айран жана башка улуттук даамдар ага түспөлдөш каармандардын коштоосунда берилген.

«Кыялданып, Midjourney нейротүйүнү менен бирге кыргыз улуттук тамак-аштары каармандардын түспөлүндө кандай болоорун элестетүүнү чечтим. Мисалы, сары май мага дайыма күндөн жашынган кызыл чачтуу сулуу кыздай сезилет. Ал эми самса — акылдуу, кызгылт жүздүү бала, жана башка», — деп билдирди Зеленская.

Midjourney — бул баяндоо аркылуу сүрөттөрдү түзө алган жана бир нече сүрөттөрдү бириктире алган нейротүйүн. Бул нейротүйүн берилген тапшырма боюнча сүрөттөрдү жасаган бүгүнкү күндөгү эң эле заманбап курал болуп эсептелет.

Буга чейин белгисиз колдонуучулар Midjourney нейротүйүнү аркылуу «Манас» эпосу боюнча иллюстрацияларды жаратышкан. Сүрөттөрдү жараткан авторлор ким экени жана нейротүйүнгө кандай тапшырма берилгени белгисиз бойдон калды, бирок эпостун каармандары деталдуу жана реалдуу чагылдырылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Манас» эпосунун каармандарынын Midjourney нейротүйүнү чагылдырган таасирдүү сүрөттөрү

Нейротүйүн өткөн доордун маданий ишмерлери тартылган кадрларды түскө салды

Нейрондук тармактар Кыргызстанды кандай элестетет? Сүрөттөрдөн көрүңүз