Баткен: Мамкурулуш усталардын эмгек акысы эмнеге төлөнбөй жатканы боюнча түшүндүрмө берди

22-мартта Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Баткендеги куралдуу жаңжалда кыйраган үйлөрдү курган усталардын «эмгек акысы төлөнбөй жатканы» боюнча түшүндүрмө берди.

Мекемеден мындай жагдай усталар менен кошумча жалданма «Алмалуу Доор» курулуш компаниясынын ортосундагы түшүнбөстүктүн айынан келип чыкканын билдиришти.

«Жумушчулар үйдүн курулушун толук аяктабай эле, эмгек акысын 100% төлөп берүүнү талап кылып жатышат. “Алмалуу Доор” курулуш компаниясы усталардын 80% эмгек акысын төлөп, калган бөлүгүн жумуш аяктап, объектилерди өткөрүп алгандан кийин төлөй турганын айткан», — дешти мамкурулуштан.

Ал эми «Алмалуу Доор» курулуш компаниясынын жетекчиси усталардын эмгек акысы аткарган ишине жараша төлөнүп жатканын айтты.

«Усталар 4-5 күндөн бери жаңжал кылып, “бизге алдын ала төлөгүлө” деп талап кылып жатышат. Курулушту аяктабай туруп, эмгек акысын берип койсом, алар кетип калышы мүмкүн. Эреже боюнча, бүткөн этаптардын акчасы төлөнөт», — деди компаниянын жетекчиси.

Буга чейин баткендиктер курулуш компаниялар усталарга эмгек акысын төлөбөй койгону үчүн курулуш иштери токтоп турганын айтып даттанышкан. Облус башчысы Абдикарим Алимбаев Ак-Сай айыл аймагынын тургундары менен жолугуп, курулуш башкармалыгына маселени чечүү тапшырмысын берген.

Ал эми Баткендеги үйлөрдү калыбына келтирүүгө жооптуу «Аманат Курулуш Инвесттин» башкы прорабы Кудайназар Жолматов усталардын акысы төлөнөт деп убада берген.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Узаган жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болуп, 200дөн ашык адам ар кандай жаракаттарды алган. 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болуп, жүздөгөн үй-бүлө башпаанексиз калды.

Кыргыз бийлиги тургундарга үйлөрдү суук түшкөнгө чейин бүтүрүп берүүнү убадалаганы менен ал убагында аткарылган жок. Жаңы жылда да туугандарыныкында же батирлерде жашап, үйүнүн курулуп бүтүшүн күтүп жаткан баткендиктердин саны арбын болду. Алар курулуш иштерин тездетүүнү жана чек ара көйгөйүн чечүүнү талап кылышкан.

24-февралга карата жаңжалда кыйраган 332 үй жаңыдан курулуп, колдонууга берилди. Калган 86 үйдүн курулушу марттын аягында бүтөрү айтылды.

Жалпысынан куралдуу жаңжалда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 млн сом деп бааланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Эки айдан бери уста жок». Баткендеги үйлөрдү куруучу компания усталарга эмгек акысын төлөбөй жатат

Баткендеги куралдуу жаңжал: Орунбеков жаңы курулган 332 үй колдонууга берилгенин айтты