Жанар Акаев депутаттар Алайдагы банкоматтын ачылышына кантип катышып калганын айтты

Сүрөт: РСК Банк

Соцтармактарда Жогорку Кеңештин депутаттары Алай районунун Сары-Могол айылындагы банкоматтын ачылышына катышканы кызуу талкууланып жатат. Депутат Жанар Акаев 23-мартта «Клоопко» комментарий берип, парламентарийлер банкоматтын ачылышына кандайча катышып калганын түшүндүрүп берди.

Акаевдин айтымында, учурда Жогорку Кеңеште эки аптага шайлоочулар менен жолугушуу жумалыгы жарыяланган. Ал эми ошол күнү парламентарийлер эл менен жолугуп жатканда алардын жанында банкоматтын ачылышы болгон. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сунушу менен ага депутаттар да катышкан.

«Сары-Могол айыл өкмөтүнө барып эл менен жолугушуу болуп жаткан учурда жаныбызда банкоматтын ачылышы болуп жатыптыр. РСК Банктын Алай районундагы жетекчилиги банкомат ачып, элге түшүндүрүп берип жаткан экен. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү “ушул жерге да кирип койбойсуздарбы” дегенинен катышып койгонбуз. Атайын банкомат ачуу үчүн ошончо депутат барган жок. Андай болгондо албетте туура эмес болмок. Эл менен жолугушуп жаткан жерден эле катыштык», — деди ал.

22-мартта соцтармактарда депутаттар Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жанар Акаевдин Алай районундагы банкоматтын ачылышына катышканы кызуу талкуу жараткан. Соцтармактын колдонуучулары депутаттардын банкоматтын ачылышына «кандай тиешеси бар» деп сындашкан.

Ал эми РСК Банктан банкоматтын орнотулушу райондогу бир нече айыл өкмөттүн тургундарынын көйгөйүн чечерин белгилешкен. Анткени буга чейин тургундар накталай акча чыгаруу үчүн райондун борборуна каттоого аргасыз болгону айтылган.