Бишкек: Басымдан улам орусиялыктар ачкан «Кызыл чатыр» коомдук борбору жабылды

Орусиядан келгендердин күчү менен ачылган Бишкектеги «Кызыл чатыр» коомдук борборунун уюштуруучулары күч органдарынын басымынан улам уюм жабылып калганын билдиришти. Бул тууралуу 23-мартта борбордун негиздөөчүлөрү айтып чыгышты.

Алардын айтымында, борбор иштеп турган аралыкта «күч түзүмдөрүнүн таасиринин бардык түрүн жон терси менен сезишкен».

«Кепка кийген байкелер борбордун оозундагы бирин-серин бадалга бекинип алып видеого тартышат. Аймактык тескөөчү имаратты ижага берген аялдын кан басымын көтөрүп, “кимдерди калкалап жатасың, өзүң билесиң” деп айласын кетирет. Суу башкармалыгы 2 миң сом карыз үчүн “ишти сотко өткөрөбүз” деп коркутса, салык кызматынын жулкунган жигиттери бастырып киришет. Документтериңерди көрсөткүлө десек, аргасыздан “спирт камтыган продукцияларды жүгүртүү чөйрөсүндө рейд жүргүзүү” <..> жөнүндөгү токтомду араң көрсөтүшөт. Ыкчам кызматкер досторубузду шаардын так ортосунан кармап алып, эбак башталган аңдуу иштеринин документтерин көрсөтүшөт», — деп айтып беришти борбордогулар.

Мындан тышкары, «Кызыл чатырдын» уюштуруучулары борборго келип турган эки кишини мамлекеттик кызматтан «өз ыктыяры менен кетүүнү» талап кылып, «жогору жактан телефон чалуу болгонун» айтышканын кошумчалашты. Ошондой эле, алардын айтымында, «Кызыл чатыр» менен байланышы бар деп эсептелген дагы бир кишини да жумуштан кетиришкен.

Алар буга чейин укук коргоо органынын кызматкерлери «бир эле ката кетиришсе» орусиялыктар Кыргызстандан чыгарылат деп эскерткенин айтышты.

«Болуп жаткан жагдай — чектен чыккан жана мыйзамсыз. Эң өкүнүчтүүсү биз өз оюбузду билдирүү эркиндигинде юридикалык жактан өтө аялуу абалдабыз. Фамилиясын жашырып, диктофондон корккон аймактык милиция кызматкери Руслан айткандай:

“Бир нерсе кылсаңар — рапорт жазып, чыгарып салабыз”. Байкуш адвокаттарыбыз бизди коргой албай турганын кайгыруу менен моюндап жатышат», — деп айтылат борбордун кайрылуусунда.

«Кызыл чатырдын» мүчөлөрү укук коргоо органдары тарабынан басым болуп жатканы тууралуу буга чейин да билдиришкен. Мурдараак, 24-февралда борбордун бир нече мүчөсү Орусиянын Украинага кол салганына бир жыл болгондо Бишкектеги Эмен багында жайгашкан “Жер — биздин үйүбүз” деген эстеликке гүл коюп кайтышкан. Бул үчүн аларды кармап, айып салышкан.

Ошондой эле аларды 24-февралда Бишкекте Украинанын желегин жана гүлдөрдү илген акция үчүн да суракка алышкан. Анда орусиялыктар укук коргоо органдарынын кызматкерлери аларга «тынч отурууну» жана «башкалардай болуп жашоо керектигин» айтышканын билдиришкен.