Жеке жактарга ОСАГО полиси жоктугу үчүн айып салуунун мөөнөтү 2024-жылга калтырылды

Министрлер кабинети автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полиси (ОСАГО) жоктугу үчүн жеке жактарга айып пул салуунун мөөнөтүн кийинкиге жылдырды. Бул тууралуу «Клоопко» Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Камсыздандыруу полиси жоктугу үчүн төмөнкүлөргө айып салына баштайт:

  • ушул жылдын 1-апрелинен тарта — чет элдик номурлуу унаалар, юридикалык жактардын, маморгандар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын унаалары;
  • 2024-жылдын 1-январынан тарта — бардык жеке жактарга.

1-январдан тарта өлкөдөгү айдоочулар ОСАГО полисин каттата алышат. Камсыздандыруу милдеттүү жана аны өлкөдөгү бардык түрдөгү автотранспорт каражаттарынын ээлери алышы керек.

ОСАГОнун жоктугу үчүн айдоочуларга 1-апрелден тартып айып салына баштайт деп пландалган, бирок бир катар депутаттар жарандар ал убакка чейин унааларын камсыздарып үлгүрбөйт деп анын мөөнөтүн жылдырууну суранышкан. Кийин парламент спикери Нурланбек Шакиев минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров депутаттардын сунушуна макул болгонун билдирген.

Ал эми президент Садыр Жапаров ОСАГО полиси жокторго айып салуунун күчүнө кирүү датасы эмне үчүн жылганы боюнча суроого жооп берип жатып мыйзамдын долбоорун «чийки» деп атаган. Ошондой эле ал ОСАГО полисин берүү укугун мамлекеттик компанияга берүүнү көздөп жатканын, себеби «эл азыр жеке жактарга ишенбейт» деп билдирген.