Бишкектин Ленин округунда мөөнөтүнөн мурда депутаттык шайлоо 28-майда өтөт

Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда депутаттык шайлоо 28-майда өтөт. Тиешелүү жарлыкка 29-мартта президент Садыр Жапаров кол койду.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө экс-депутат Жаныбек Абировдун кафедеги мушташ чырына байланыштуу мандатын тапшырганы негиз болду.

Президент шайлоо өткөрүүнү уюштуруу боюнча БШКга тапырма берип, минкабды шайлоо үчүн каражат бөлүүгө жана маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун камсыз кылууга милдеттендирди.

Ал эми Бишкек шаардык мэриясы шайлоочулардын тизмесин түзүү, тактоо, уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча шайлоо комиссиясына көмөк көрсөтөт. Башкы прокуратура болсо шайлоо учурунда мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөйт.

Буга чейин, 13-мартта Жаныбек Абиров «кафелердин биринде күзөтчүнү сабаганы» айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. 27-мартта ал депутаттык ыйгарым укугун өз каалоосу менен тапшырып берген.

Абиров болуп өткөн «окуянын олуттуулугун түшүнүп жатканын жана мыйзам чегинде жоопкерчилик тартууга даяр экенин» баса белгилеп, ушул себептен улам өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырууну чечкенин айткан.

27-мартта Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, абакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков Абировдун ордуна шайлоого катышарын билдирген.

«Мурдагы шайлоодо Абиров бийликтин күчү менен мени уткан. Мен ал убакта түрмөдө отуруп экинчи орунду алгам. Азыр дагы түрмөдө отуруп кайрадан шайлоого барам. Бул саясий күрөш. Саясий күрөштү кайрадан улантышыбыз керек», — деп билдирди Жээнбеков.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутат Абиров мушташтан кийин өз каалоосу менен мандатын тапшырганын билдирди

Абактагы Равшан Жээнбеков Абировдун ордуна парламентке шайлоого катышарын билдирди