Абактагы Равшан Жээнбеков Абировдун ордуна парламентке шайлоого катышарын билдирди

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, абакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков мушташкандан кийин мандатын тапшырган экс-депутат Жаныбек Абировдун ордуна шайлоого катышат. Бул тууралуу ал 27-мартта билдирди.

«Мен өткөндө [Бишкектин] Ленин районунан шайлоого баргам. Ал шайлоодо Абиров бийликтин күчү менен мени уткан. Мен ал убакта түрмөдө отуруп экинчи орунду алгам. Азыр дагы түрмөдө отуруп кайрадан шайлоого барам. Бул саясий күрөш. Саясий күрөштү кайрадан улантышыбыз керек», — деп билдирди Жээнбеков.

Ал эми Абиров «кафелердин биринде күзөтчүнү сабаганы» айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан окуядан кийин үстүбүздөгү жылдын 27-мартында ыйгарым укугун өз каалоосу менен тапшырып берген.

Абиров болуп өткөн «окуянын олуттуулугун түшүнүп жатканын жана мыйзам чегинде жоопкерчилик тартууга даяр экенин» баса белгилеп, ушул себептен улам өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырууну чечкенин айткан.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков — Кемпир-Абад иши боюнча 2022-жылы 23-октябрда үйлөрү тинтүүгө алынып кармалгандардын бири. Активисттер, укук коргоочулар жана саясатчылар суу сактагычтын Өзбекстанга берилишине каршы чыгышкан.

ИИМ алардын баарына «Массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагып жатат. Бирок кармалгандар күнөөсү жоктугун, кылмыш иштер «токулганын» айтышууда.

Алардын көпчүлүгү негизсиз камалганын айтып ачкачылык жарыялашкан. Айрымдары сот отурумдарында эсин жоготсо, башкалары абалы оорлоп кеткендиктен ооруканага жаткырылган.

Бирок ага карабастан, бул иш ордунан жылбай турат. Камалгандардын көпчүлүгү дагы деле ТИЗОдо.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутат Абиров мушташтан кийин өз каалоосу менен мандатын тапшырганын билдирди

Икрамов: Орозо маалында бийлик Кемпир-Абад ишинин фигуранттарын кечирип, бошотушу керек

Кемпир-Абад иши: Саясатчы Равшан Жээнбеков жеке менчик ооруканага жаткырылды