Депутат Абиров мушташтан кийин өз каалоосу менен мандатын тапшырганын билдирди

Жаныбек Абиров

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров «кафелердин биринде күзөтчүнү сабаганы» айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан окуядан кийин ыйгарым укугун өз каалоосу менен тапшырды. Бул тууралуу эл өкүлү 27-мартта билдирди.

Абиров болуп өткөн «окуянын олуттуулугун түшүнүп жатканын жана мыйзам чегинде жоопкерчилик тартууга даяр экенин» баса белгиледи. Ушул себептүү ал окуяны «талдап, терең ой жүгүртүп, өз каалоосу менен» депутаттык мандатын тапшырууну чечкенин айтты.

«Албетте, бул чечимди кабыл алуу оңойго турган жок, анткени борбор калаабыздын Ленин районундагы 11 миң 813 шайлоочу мага ишенип, алардын өлкө парламентиндеги өкүлү болуу укугун берди эле. Тилекке каршы, болуп өткөн окуядан кийин, Жогорку Кеңештин депутатынын кызматын мындан ары аркалоого моралдык укугум жок деп эсептейм», — деди Абиров.

Ошондой эле ал сабалып, ооруканага түшкөн Арген Жекшенов менен анын үй-бүлөсүнөн, ошондой эле шайлоочулары жана командасынан кечирим сурады.

Абировдун депутаттык мандатын тапшыруу үчүн арызы. Сүрөт: Жаныбек Абировдун фейсбук баракчасы

Күзөтчүнү сабоо

Үстүбүздөгү жылы 12-мартта соцтармактарда бир топ эркек кишилердин мушташкан видеосу тараган. Анда «Короче» телеграм каналы белгисиз адамды муштап, сабап жаткан киши эл өкүлү Жаныбек Абировго окшош экенин жазган.

Октябрь райондук милициясы 12-март түнкү саат 03:30 чамасында белгисиз адам Элебаев көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринде коомдук тартипти жана жүрүм-турум нормаларын бузуп, жарандын денесине залал келтиргенин айткан.

Милициядан аталган факты маалымат журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын, ошондой эле окуянын бардык катышуучулары аныкталганын билдиришкен. Бирок видеодогу депутат Абиров же ал эмес экени тууралуу маалымат беришкен эмес.

13-мартта президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жогорку Кеңештин депутаты аралашкан мушташ боюнча өлкө башчысы кабардар экенин, ал ишти ар тараптуу иликтөөнү тапшырганын айткан.

Ал эми «Клооп» видеодогу киши депутат Жаныбек Абиров же ал эмес экени тууралуу маалыматты тактоо үчүн депутаттын өзү менен байланышууга аракет кылган, бирок мындан жыйынтык чыккан эмес.

Абировдун кечирим сураганы

Эл өкүлү 14-мартта кыргызстандыктардан кечирим сурап Фейсбукка пост жазып, аталган окуяны иликтеп жаткан укук коргоо органдары менен кызматташып, керектүү маалыматты берүүгө даяр экенин билдирген.

Ошол эле күнү депутат Абиров катышканы айтылган мушташка байланыштуу «Бейбаштык» беренеси менен козголгон кылмыш иштин негизинде издөө иштери жүргүзүлүп, 35 жана 36 жаштагы эки киши шектүү катары кармалган.

Kaktus.Media басылмасы күч структурасынын кызматкерлерине таянып, алар Жогорку соттун мурдагы төрайымы Жаңыл Алиеванын уулу Данияр Аксамаев жана буга чейин Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик департаментинин директорунун орун басары болуп эмгектенген, Жогорку Кеңешке шайлоодогу Абировдун расмий өкүлү Эрбол Пазылов экенин жазган болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

ЖМК: Депутат Жаныбек Абировго окшош киши Бишкектеги кафелердин биринде күзөтчүнү сабаган

Президент депутат Абиров жаранды сабаганы тууралуу окуяны ар тараптуу иликтөөнү тапшырды

Депутат Абировдун катышканы айтылган мушташуу боюнча эки киши кармалды

«Чоң күнөө мойнумда». Депутат Абиров мушташканы үчүн кечирим сурады