Икрамов: Орозо маалында бийлик Кемпир-Абад ишинин фигуранттарын кечирип, бошотушу керек

Парламенттин депутаты Тазабек Икрамов бийликтен Кемпир-Абад ишинин фигуранттарын кечирип, бошотууну суранды. Депутат бул боюнча бийликке кайрылусун Фейсбук барагында жарыялады.

«Кемпир-Абад боюнча камалгандарды кечирип коюңуздарды суранам. Алар түрмөдө отуруп, мамлекетке кереги тийбесе да, үйдө жакындарына көбүрөөк керек», — деп жазды Икрамов.

Анын айтымында, кармалгандарды дал ушул ыйык Рамазан айында кечирүү өтө маанилүү.

«Орозо маалында кечиримдүү болуу, бирөөгө кыянаттык жасабоо, калп айтпоо жана башка Кудайдын жазган өкүмдөрү бар. Эгер чындап, Жаратканга ишенип, андан корккондор болсо учурдан пайдаланып, кыйшык иштерди түздөп алууга неге болбосун. Айтайын дегеним, мекенге күйгөн эр-азаматтарыбыз, эже-карындаштарыбыз бүгүнкү күндө эч күнөөсүз абакта отурушат. Бийликтин душмандары — башкалар», — деп жазды Икрамов.

Кемпир-Абад иши

Кемпир-Абад ишинин фигуранттары кармалып, камакка алынгандан бери беш айдан өтүп калды. Алардын көпчүлүгү негизсиз камалганын айтып ачкачылык жарыялашкан. Айрымдары сот отурумдарында эсин жоготсо, башкалары абалы оорлоп кеткендиктен ооруканага жаткырылган.

Бирок ага карабастан, бул иш ордунан жылбай турат. Камалгандардын көпчүлүгү дагы деле ТИЗОдо.

Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова пневмонияга чалдыкты