Күндүн демилгеси: Жапаров Бишкекте кышкысын унаалардын санын азайтууну тапшырды

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Бишкек мэриясынын жыйынында Бишкекте кышкысын унаалардын санын азайтууну тапшырды. Анын айтымында, бул үчүн жеке жоопкерчилик ИИМдин башчыс Улан Ниязбековго жүктөлөт.

Бийлик бул демилгеси менен кышкысын калааны каптаган кара түтүн менен күрөшүүнү көздөйт.

«Кышкысын Бишкек шаарына эң эле аз сандагы машина киргидей кылып оптимизация кылыш керек. Айланып өтмө жол жасайсыңарбы, айтор, варианттарды карап чыгыңыздар», — деди Жапаров.

Ошондой эле минкабдын башчысы кийинки жылытуу сезонуна Бишкек ЖЭБдин бардык чыпкаларын алмаштырып, ал жакка «сапаттту» көмүр ташып келүүнү тапшырды. Мындан тышкары, Жапаров калкка үйлөрүн газга өткөрүү үчүн керектөөчүү насыяларын берүүнүн финансылык моделин иштеп чыгууну тапшырды.

Жыл сайын кыш түшөрү менен Бишкек абасы эң эле булганган шаарлардын рейтингин толуктайт. Ыштын пайда болушуна жеке турак жайларды жылытууда колдонулган сапатсыз көмүр, сапатсыз күйүүчү май жана жыш курулуштар себеп экени айтылып келет.

Бийлик ыш менен күрөшүү үчүн Бишкектеги жаңы конуштарды газдаштырууну, ал эми күндүз шаарга жүк ташуучу унааларды киргизбөөнү, ошондой эле Бишкектин кире бериштерине катализаторлору жок унааларды аныктаган «унаа капкандарын» орнотууну ниеттенет.

Тема боюнча окуңуз: Бишкек мэриясы ыш менен кантип күрөшөрүн айтып берди

Кутманова өлкөгө Евро-5 классынан төмөн күйүүчү майды ташып кирүүгө тыюу салууну сунуштады