Бишкек мэриясы ыш менен кантип күрөшөрүн айтып берди

30-январда Бишкек мэриясы шаардагы абанын булганышы боюнча атайын комиссиянын жыйыны өткөнүн билдирди. Анда калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардагы абанын сапатына таасир этип маселелерди чечүүнүн иш планы менен тааныштырды.

Планда 2025-жылга чейин ишке ашырылууга тийиш орто мөөнөттүү жана 2025-2050-жылдар аралыгында ишке ашырылууга тийиш узак мөөнөттүү иш-чаралар көрсөтүлгөн.

Мэрия пландын алкагында төмөнкү иштерди жасоону көздөйт:

  • 2023-жылы 5 конушту газдаштыруу жана альтернативдүү жылуулук булактарын (мисалы, жылуулук насосторун) киргизүү, бардык 22 көмүр откананы газга өткөрүү;
  • келээрки жылытуу мезгилинде шаар тургундарына Кара-Кече көмүрүн жагууга чектөө киргизилип, анын ордуна Казакстандын калориясы жогору көмүрү алып келинет;
  • жаңы конуштарда көмүр колдонгон жеке менчик мончолорду азайтуу үчүн 12 муниципалдык мончо куруу;
  • таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруп баштоо;
  • 500 экологиялык коомдук транспортту сатып алуу жана акырындык менен алардын санын 1 500ге жеткирүү, алар жана такси кызматы үчүн бөлүнгөн жол тилкесин түзүү;
  • бир түстөгү 500 даана электр таксилерин сатып алуу — ал үчүн инвестор керек;
  • Бишкектин сейил бактарынын аймактарын 21.6 гектарга чейин кеңейтип жана куруу;
  • «жашыл коридорлор»;
  • борбор калаанын аймагын башкы планды иштеп чыгуу менен Чүй облусунун эсебинен кеңейтүү;
  • ЖЭБ-2ни калыбына келтирүү.

Жыйында темир жолду шаардын чет жакасына , жолдогу унаа тыгындарын азайтуу үчүн шаар борборундагы базар, автобекет жана калкты тейлөө борборлорун калаанын сыртына көчүрүү сунуштары дагы айтылды. Андан тышкары, көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун көзөмөлдөп, азыркы жолдорду кеңейтип, жаңы жолдорду салуу сунушталды. Бул иштер планга киргизилгенби- жокпу белгисиз.

Жыйында талкууланган маселенин баарын шаар башчысы минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровго угузганы белгиленди. Ал эми өкмөт башчысы өзүнүн сунуштарын киргизип, кошумча сындарын айткан.

Бишкектеги ыш

Жыл сайын күн сууктап баштаганда Бишкек абасы булганган шаарлардын рейтингинде биринчи орундарга чыгат.

Октябрдын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкекте абанын булганышщынын негизги себеби — жеке үйлөрдү жылытуу максатында пайдаланылган көмүр экени тууралуу изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялаган. Ошондой эле, бийлик калаадагы абанын булганышына сапатсыз бензин менен жыш жайгашкан курулуштар себеп экенин атаган.

Тема боюнча: Кутманова өлкөгө Евро-5 классынан төмөн күйүүчү майды ташып кирүүгө тыюу салууну сунуштады

Башкы беттеги сүрөт : Бектур Стамкулов / «Азаттык».