Кутманова өлкөгө Евро-5 классынан төмөн күйүүчү майды ташып кирүүгө тыюу салууну сунуштады

Жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманова ыш менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга К5 (Евро-5) классынан төмөн бензин жана дизель майларын ташып кирүүгө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу министр 29-январда Фейсбук барагында жазды.

Анын айтымында, Европада жана Орусияда унаадан түтүн менен кошо чыккан зыяндуу заттардын курамын жөнгө салуу үчүн күйүүчү майдын «Евро» жана «К» экологиялык стандарттары колдонулат. Кутманова күйүүчү майдын классы канчалык жогору болсо, зыяндуу заттар ошончолук аз болот дейт.

«Кыргызстанга 2,3,5 классындагы бензин киргизилет, алардын ичинен К5 — жарымына да жетпейт. Май куюучу бекеттерде бензиндин маркасы көрсөтүлөт, ал эми майдын классы көрсөтүлбөйт. Башкача айтканда, билбей туруп К3 же К5 классындагы А-95 бензинин сатып алса болот. Сатып алуу баалары ар кандай, ал эми чекене бааныкы бирдей», — деп жазды жаратылыш ресурстары министри.

Кутманова акциздерди күйүүчү майдын классына жараша жөнгө салууну сунуштап жатат: классы канчалык жогору болсо, төлөмү ошончолук ылдый. Министр өлкөгө Евро-5 классынан төмөн күйүүчү майлоочу майларды дагы алып кирүүгө тыюу салууну сунуштады.

«Ар бир жаран сапатсыз күйүүчү майды сатып алуудан баш тартып, ыш менен күрөшүүгө салым кыла алат. [Сапатсыз күйүүчү майды] колдонуп өзүбүз дем алган абаны булгап жатабыз», — деп жыйынтыктады Кутманова.

Бишкектеги ыш

Жыл сайын күн сууктап баштаганда Бишкек абасы булганган шаарлардын рейтингинде биринчи орундарга чыгат.

Октябрдын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкекте абанын булганышынын негизги себеби — жеке үйлөрдү жылытуу максатында пайдаланылган көмүр экени тууралуу изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялаган. Ошондой эле, бийлик калаадагы абанын булганышына сапатсыз бензин менен жыш жайгашкан курулуштар себеп экенин атаган.

Бийлик ыш менен күрөшүү үчүн Бишкектеги жаңы конуштарды газдаштырууну, ал эми күндүз шаарга жүк ташуучу унааларды киргизбөөнү, ошондой эле Бишкектин кире бериштерине катализаторлору жок унааларды аныктаган «унаа капкандарын» орнотууну ниеттенет.