Баткен: Тажикстанга 3,5 тоннага жакын жер семирткич алып өтүүгө аракеттенген киши кармалды

Баткенде коңшу Тажикстанга аткез жолу менен жер семирткич алып өтүүгө аракет кылган киши кармалды. Бул тууралуу 3-апрелде УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен шаарынын 36 жаштагы тургуну Баткен районунун «Маргун — Жаңы-Бак — Арка» айланып өтүүчү унаа жолунан кармалган. Анын «Мерседес Бенц Спринтер» жүк ташуучу унаасынан салмагы 3,5 тоннага жакын аммиак селитрасы табылган.

Учурда жүк ташуучу унаа «Орто-Боз» чек ара заставасынын аймагына киргизилди. Териштирүү иштери башталды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Тажикстанга аткез жол менен жер семирткич алып өтүү аракетине бөгөт коюлду