Ысык-Көл облусунда жергиликтүү тургундун үйүнөн 20 килограммга жакын баңгизат табылды

Түп районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн 20 килограммга жакын өлчөмдө баңгизат табылып, жүгүртүүдөн алынды. Бул тууралуу 3-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында 53 жаштагы шектүү киши кармалганын белгилешти. Шектүү Каракол шаарындагы тергөө изоляторуна киргизилди.

Тергөө учурунда 8кг жакын марихуана алынганын, ал эми жертөлөдөн 12 кг жакын гашиш табылганын кошумчалашты. Тергөө амалдары уланууда.

Автору: Бурулсун Жумалиева