Бир кадр менен: Акылбек Жапаров Бишкектин тротуарлары адам баса албаган абалда экенин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектин тротуарларын иретке келтирүүнү тапшырды. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров 4 апрелде калаанын маданий жайларын кыдырып, «шаардын тротуарларына баа берип, алардын абалы начар экенин» белгилеген.


«Бул чуңкурларды карагылачы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар, коляска менен жүргөн энелер кантип басат. Баарын иретке келтиргиле, адамдардын ыңгайлуу жашоосу үчүн шарттарды түзүү керек» — деди Жапаров.


Төрага Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровго жөө адамдар өтүүчү тротуарларды оңдоого канча каражат керектигин эсептеп чыгууну тапшырды.