Маданият министрлиги: «Пирамида» жана «Бешинчи каналды» жоюу иши жүрүп жатат

Маданият министрлиги «Пирамида» жана «Бешинчи каналды» жоюу ишин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу парламенттин профилдик комитетинин 3-апрелдеги жыйынында маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

Анын айтымында, телеканалдар мамлекеттик башка мекемелердин башкаруусуна берилбейт.

«Биз аларды [телеканалдарды] ликвидация кылып жатабыз. Телеканаларды Бишкек мэриясы менен “Кыргызалтынга” өткөрүп берүү, тилекке каршы, ишке ашпай калды. Ал эми карызы боюнча Мүлк фондунун кызматкерлери иштеп жатат», — деп билдирди маданият министринин орун басары.

Буга чейин «Бешинчи каналдын» жааматы телеканалдын маселесин чечип берүүнү суранып президент Садыр Жапаровго кайрылган. Алардын айтымында, журналисттер төрт айдан бери маяна албай, андан ары эмне болорун билбей жатышат. Алар президенттен бул маселени «терең ойлонуп», 60тан ашык адамды ишсиз калтырбоону өтүнүшкөн.

«Азаттыктын» маалыматы боюнча, «Бешинчи канал» 2005-жылы обого чыга баштаган. 2010-жылга чейин жеке менчикте иштеген. Апрель окуясынан кийин улутташтырылган. Ал эми эгемен Кыргызстандын тарыхындагы биринчилерден болуп түптөлгөн «Пирамида» телеканалы 1994-жылы негизделген. Ал «Бешинчи каналдай» эле 2010-жылдын апрель окуясынан кийин улутташтырылган.