ТИМ: Түркияда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык аял каза болду

Тышкы иштер министрлигинен Түркиянын Анталья шаарында жол кырсыгына кабылган кыргызстандык каза тапканын кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, 7-апрелден сегизине караган түнү болгон кырсыкта Кыргызстандык эки жараны жабыркаган.

Б.к.А аттуу 30 жаштагы аял жеринде көз жумган. Ал эми акыреги сынып, көкүрөгүнөн жараат алган Д.А. атуу жаран ооруканага жеткирилген. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

ТИМ ушул тапта башконсулдук жана маркумдун жакындары менен биргеликте сөөктү Кыргызстанга жеткирүү иштери талкууланып жатканын кошумчалады.