Үзүр Жусупбеков Астанадагы чемпионатта күмүш медалды багындырды

Мехди Мохаммада Балихамзехдех жана Үзүр Жусупбеков. Сүрөт: uww.org.
Мехди Мохаммада Балихамзехдех жана Үзүр Жусупбеков. Сүрөт: uww.org.

Үзүр Жусупбеков грем-рим күрөшү боюнча 97 кг чейинки салмакта таймашты. Финалдын 1/4 Жусупбеков казакстандык Олжас Сырлыбайды 3:1, ал эми жарым финалда индиялык Нариндер Чеманы 9:0 эсебинде жеңди.

Финалда кыргыз балбаны ирандык спортчу Мехди Мохаммад Балихамзехдехке 4:7 эсебинде алдырып койду. Ирандыкка жеңишин камсыздаган акыркы үч упайды судьялар кыргыз балбаны беттешүү бүтөрүнө 15 секунд калганда эреже бузду деп туруп ыйгарып коюшту.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты Астанада 9-апрелде башталган, чемпионат 14-апрелде аяктайт. Грек-рим күрөшүнүн балбандары бул чемпионатта таймаштарын аякташты. Калган төрт күндө аялдардын күрөшү жана эркин күрөш боюнча таймаштары өтөт.

Кыргыз курамасынын куржунуна жети медаль топтолду. Мурдараак Акжол Махмудов (70 кг чейин), Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) жана Акылбек Талантбеков (82 кг чейин) үч алтын медалды камсыздашкан, бир күмүш медалды Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) алып келген, ошондой эле үч коло медалды Роман Ким (130 кг чейин), Раззак Бейшекеев (60 кг чейин) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг чейин) камсыздашкан.

27 жаштагы Үзүр Жусупбеков Азия чемпиону болду, Азия чемпионатынын коло медалын эки жолу багындырган балбан, Ислам шериктештик оюндарынын күмүш жана Азия оюндарынын коло байгесинин ээси.