Балбан Акжол Махмудов үчүнчү ирет Азия чемпиону болду

Кыргыз балбаны Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Азиянын үчүнчү жолку чемпиону болду. Мелдеш Казакстандын Астана шаарында өтүп жатат.

Махмудов мелдешке 77 кг чейинки салмак категориясында чыгып, алгачкы беттешинде — чейрек финалда түркмөнстандык спортчуну 9:0 эсебинде утту. Жарым финалда жапон балбанын 9:1 эсебинде артта калтырды.

Ал эми алтын медаль үчүн болгон беттеште ирандык спортчу жаракатына байланыштуу күрөшпөй, Махмудов Азиянын үчүнчү жолу чемпиону аталды.

Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионаты 9-апрелден 14-апрелге чейин уланат. Мелдештин биринчи күнү грек-рим күрөшү боюнча жалпы кыргызстандык беш балбан беттешип, Роман Ким жана Атабев Азисбеков коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

10-апрелде грек-рим күрөшү боюнча калган спортчулар килемге чыгышат. Ал эми 11-12-апрель кыз-келиндер күрөшү боюнча, 13-14-апрелде эркин күрөш боюнча беттештер өтөт.

Акжол Махмудов

Акжол Махмудов 2018-жылы Бишкекте, 2022-жылы Монголияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынган. Ал Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча биринчи Дүйнө чемпиону жана Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси.

Балбан «Азиянын 2022-жылдагы эң мыкты балбаны» деп табылган.

Ошондой эле Бириккен күрөш дүйнөсү Махмудов менен дагы бир Дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбековду 2022-жылдын «тарых жаратуучулары» деп атаган.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 4-февралында балбандар «Даңк» ордени менен сыйланышкан.