Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду кыргыз токоюн калыбына келтирүүгө 15 млн доллар салууну көздөйт

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандын токойлорун калыбына келтирүүгө дээрлик 15 млн доллар салууну көздөйт. Бул тууралуу 11-апрелде фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Фонддун маалыматына ылайык, каражат салуу «Кыргызстандын токойлоруна жана жайыттарына климаттык инвестициялоо аркылуу көмүртекти секверстирлөө» долбоору аркылуу ишке ашырылат. Долбоор Министрлер кабинети менен Жашыл климаттык фонду аркылуу ишке ашырылууда.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду «Кошумча нарктын жашыл чынжырчасын өнүктүрүү» долбоорун биргеликте каржылап жатат. Фонддон белгилешкендей, долбоор 20 жылда 19,8 млн тонна көмүр кычкыл газын секверстирлейт жана аба чыгындысын 50%га азайтууга мүмкүндүк берет.

*Көмүр кычкыл газын секверстирлөө — атмосферадагы көмүр кычкыл газын (CO2) топуракта кармоо жана узак мөөнөттө сактоо — азыркы тапта парник газдарынын жогорулашына каршы туруунун эң мыкты чечими болуп эсептелет.

Долбоор Тогуз-Торо, Ак-Талаа, Сузак жана Өзгөн райондорунда ишке ашырылат. Фонд ишин баштаган жылдан бери ал жакта жалпы суммасы 6 млн долларды түзгөн 168 «жашыл» долбоорду каржылаган.

«Жакынкы 8 жылда бул райондордо дагы 200 долбоор каржыланат деп үмүттөнүп жатабыз. Бул Кыргызстандын көмүр кычкыл газынын абага ыргытылуусу боюнча милдеттенмелерин жабууга мүмкүндүк берет», — деп билдирди аталган фондун башкармалыгын төрагасы Артём Новиков.