Президент Ак-Ордодогу аялдын үйүн өзү эмес, «Ас-Сафа» фонду куруп жатканын айтты

Ак-Ордо конушунда соттун чечими менен үйү сүрдүрүлгөн Марал Шаболотовага үйдү «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду куруп берип жатат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине президент Садыр Жапаров билдирди.

Буга чейин соцтүйүндөрдү курулуштун чыгымын президент Садыр Жапаров көтөрүп жатканы тууралуу маалымат тараган. Жапаров бул маалыматты төгүнгө чыгарып, ал жабыркаган аялды сот териштүүсү аяктаганга чейин балдары менен көп кабаттуу үйдөн батир таап киргизе турууну гана тапшырганын айтып берди.

«“Ас-Сафа” фондунун өкүлдөрү “Соопчулук үчүн ошол эле жерге биз үй салып берели, уруксат бериңиз” деп кайрылышкан экен. “Кудай жалгасын” дедим. Кудайдын улуу рамазан күндөрүндө сооп табалы деп “Ас-Сафа” фонду салып берип жатат. Бирөөнүн эмгегин, сооп иштерин менчиктеп алганыбыз туура эмес. Мен салып берип жаткан жокмун. Жөн гана себепкер болдум», — деп тактады президент.

Ак-Ордо конушундагы үйдү сүрдүрүү

Марал Шаболотованын үйү кошунасы жазган арыздын негизинде 1-март күнү кечинде бузулуп, төрт баласы менен «көчөдө калган». Жабыркаган аял 2018-жылдан бери бул жер тилкеси үчүн кошунасы менен соттошуп келгенин, бирок 2022-жылдын октябрында Жогорку сот кошунасынын тарабын жактап, алар үйдү сүрдүрүп салууну чечишкенин айтып берген. Андан кийин аял аталган үйдөн башка баш калкасы жоктугун айтып, кыргызстандыктардан жардам сураган. Кайдыгер карабаган жарандар ага убактылуу баш калкалоо үчүн боз үй тигип беришкен.

Андан соң, 5-мартта президент Садыр Жапаров Ак-Ордо конушуна башкы прокурор Курманкул Зулушев менен бирге барып, жагдайды териштирип, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну убада кылган.

Ал эми 6-мартта Садыр Жапаров «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурис Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди ээлеген кызматтарынан бошоткон.