Президент Чүй облусундагы өкүлүн жана Сокулук районунун акимин кызматтан алууну тапшырды

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Садыр Жапаров «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алууну тапшырды. Бул тууралуу 6-мартта президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалыматта жыл жыйынтыгы боюнча, мыйзамсыз курулган жерлерди мыйзамдаштыруу боюнча жобону ишке ашырууда Алымбаев жетектеген Чүй облусунда иш «канааттандырарлык эмес, терс көрүнүштөр менен коштолуп жатат» деп табылган.

«Кабыл алынган мыйзамга карабай, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Нурил Алымбаев жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев аны ишке ашыруу боюнча жетиштүү чараларды көргөн эмес. Жыл ичинде Сокулук району боюнча болгону 341 “кызыл китеп” берилген», — деп белгиледи президенттин басма сөз катчысы Султанбаев.

Жумушчу кеңешменин жүрүшүндө Жапаров буга чейин Аламүдүн районунда жер амнистиясына жамынып, эч нерсе курула элек айдоо жерлер трансформацияланып кеткенине байланыштуу аким Бактибек Анаркулов кызматтан алынганын айтты.

Аны менен катар ал, өлкөнүн башка аймактарында, өзгөчө Чүй жана Ош облустарында, Ош шаарында жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү жана «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 27-пунктун алып салуу маселесин кароону тапшырды.

Аталган пунктта жер тилкеге «кызыл китеп» алууда жер ээсинин уруксаты сөзсүз болушу керек деп белгиленген. Өз кезегинде бул менчикти мыйзамдаштыруу процессин татаалдантат.

Буга чейин Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушунун тургуну Марал Шаболотованын үйү кошунасы жазган арыздын негизинде 1-март күнү кечинде буздурулуп, төрт баласы менен көчөдө калган. Кайдыгер карабагандар убактылуу баш калкалоо үчүн боз үй тигип беришкен.

Кийинчерээк, 5-мартта президент Садыр Жапаров Ак-Ордо конушунда үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган аялдан кабар алганы барып, ага Бишкектен батир берүүнү убада кылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ак-Ордо: Кошунасы жазган арыздын негизинде үйү буздурулган аял төрт баласы менен көчөдө калды

Садыр Жапаров үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган аялдын окуясын териштирүүнү убадалады