Баткенди калыбына келтирүү: Бийлик кыйраган үйлөрдү 1-майга чейин бүткөрүүнү убадалады

Баткен облусунда 2022-жылдын күзүндө кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда кыйраган үйлөрдүн 78и толук бүтпөй турат. Бийлик аларды 1-майга чейин салып бүтүүнү убадалап жатат.

Парламенттин «Ишеним» фракциясынын 14-апрелдеги жыйынында депутаттар Баткенди калыбына келтирүү маселесин карашты. Анда Мамкурулуштун башчысынын орун басары Азирет Акимов отчёт берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 332 үйдүн курулушу аяктаган, 60 үйдүн ички дубалдары тургузулуп, 18 объектинин чатыры жабылып жатат.

Депутат Улугбек Ормонов бийлик үйлөрдү 15-мартка чейин бүткөрүүнү убада кылганын эске салды.

«1-мартка бүтөт деген маалымат болгон. Азыр 15-апрель болду. [Курулуш иштери] качан толук бүтөт? 1-майга чейин бүтүрөсүңөрбү?» — деп сурады депутат.

«Буюрса», — деп жооп берди Акимов, бийлик эмне үчүн курулуштун мөөнөтү үзгүлтүккө учураганын карап чыгарын кошумчалап.

Башында бийлик чек ара жаңжалында жабыркагандардын жаңы үйлөрдү 2022-жылы кышка чейин эле салып берүүнү убадалаган, бирок андай болгон эмес. Үйлөрдү пайдаланууга берүү мөөнөтү бир канча жолу артка жылдырылган, ал эми акыркы жолу минкабдын башчысы Акылбек Жапаров бардык үйлөр март айында курулуп бүтөт деп ишендирген.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Куралдуу жанжал учурунда Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарда жашаган 130 миңден ашуун адам үйүн таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киши экенин жазган.

Баткендеги куралдуу кагылыштын кесепетинен 417 үй талкаланган.

Башкы беттеги сүрөт: УТРК