Видео: Кыргызстандыктар эмне үчүн Орусия ЖМКсын тандайт?

Жакында эле Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) кыргызстандыктар кандай булактарга ишенет жана пропагандага көз карашы кандай экенин карап чыкты. Изилдөөнүн катышуучулары — республиканын аймактарындагы 18-60 жаштагы жарандар.

Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, кыргызстандыктар орусиялык ЖМКга көбүрөөк ишенет. «Клооп» изилдөөнү талдап чыкты. Бул видеодон кыргызстандыктар эмне үчүн Орусия ЖМКсын тандай турганын билсеңиз болот.