WPR рейтинги: Кыргызстан кылмыштуулугу жогору делген 35 өлкөнүн катарында

Кыргызстан дүйнөдөгү 136 өлкөнүн ичинен кылмыштуулугу жогору делген 35 мамлекеттин катарына кирди. World Population Review көз карандысыз, статистикалык порталынын жаңыланган рейтингинде өлкө 31-орунда деп көрсөтүлгөн.

Кылмыштуулгу эң жогору делген өлкөлөрдүн ондугуна Венесуэла, Папуа-Жаңы Гвинея, Түштүк Африка, Афганистан, Гондурас, Тринидад жана Тобаго, Гайана, Сальвадор, Бразилия, Ямайка өлкөлөрү кирди.

Кыргызстан тизмеде Колумбия (30-орун) жана Уганда (32-орун) өлкөлөрүнүн ортосунан орун алды.

Ал эми коңшу Казакстан 40-орунда болсо, Өзбекстан 99-орунду ээледи. Тажикстан менен Түркмөнстан рейтингдин тизмесине кошулган эмес.

Дүйнөдөгү эң коопсуз 10 өлкөнүн катарын Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Тайвань, Мэн аралы, Оман, Швейцария, Гонконг, Япония, Словения жана Армения толуктады.