Бекешев: «Кыргыз темир жолуна» жана лабораторияларды өнүктүрүүгө 18 млн евро насыя алуу пландалууда

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстан эл аралык банктардан кайрадан насыя алууну пландап жатканын кабарлады.

Эл өкүлүнүн айтымында, бийлик Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 11 миллион насыя алат. Анын 8 миллиону 12 жылга берилген эки жылдык жеңилдетилген мөөнөтү бар 1%дык насыя, калганы грант.

Каражат «Кыргыз темир жолу» ишканасына жумшалат. 4 миллион еврого курулуш материалдарын жана айыл чарба товарларын ташуу үчүн ачык вагондорду сатып алуу, Боом капчыгайына (жер көчкүгө каршы) 150 метрлик галерея куруу жана темир жолду модернизациялоо пландалууда.

Ошондой эле, бийлик Азия өнүктүрүү банкынан 30 миллион евро алууну көздөп жатат. Анын 10 миллиону насыя, калганы грант. Насыя 32 жылга, 8 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен алынат. Кредиттин ставкасы алгачкы 8 жылда 1%ды, андан кийин 1,5%ды түзөт.

Бул каражат Бишкек жана Ош шаарларынын, Чүй, Ош облустарынын лабораториялык кызматын модернизациялоого жана өнүктүрүүгө жумшалат.

«Биз лабораторияларды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө милдеттенебиз. [...] Маалымкат-негиздеме жана макулдашуу тилекке каршы, долбоордун чоо-жайын ачыктабайт, ошондуктан биз Бюджеттик комитеттин отурумунда суроолорду беребиз», — деп жазды Бекешев.