Бишкек: №1 гимназияны кайра түзүп, жаңы директор дайындоо нааразылыктар менен коштолду

Бишкектеги А. Каниметов атындагы №1 гимназиянын мугалимдери жана окуучулары мектепти кайра түзүүгө каршы чыгышты. Мугалимдер жамааты Бишкек шаардык мэриясы жана шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан кысымга кабылып, 40 ашуун адам өз каалоосу менен иштен кетүүгө мажбур болуп жатышканын айтууда.

Ал эми борбор калаанын Билим берүү башкармалыгынан аталган мектепте бир катар одоно мыйзам бузуулар аныкталган соң, №71 мектеп менен бириктирип, кайра түзүү чечими кабыл алганын билдиришти.

Мэрия чырдын чыгышына мурдагы директордун мектеп имаратын өз билемдик менен басып алып, иш бөлмөсү менен документтерин өткөрбөй жатканы себеп болду деп кошумчалады

Эмне болду?

Бишкек шаарындагы №1 мектеп-гимназиясында окуучулар аралашкан митинг өтүп жатат. 17-апрель күнү Индира Алымбаева аттуу Фейсбук колдонуучусу соцтармакка тараткан видеодо мектеп окуучулары колдоруна плакаттарды көтөрүп, «Келбесин, келбесин» деп кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Болжолу жаңы дайындалган директор тууралуу кеп болуп жаткандай.

«Окуучуларды саясатка аралаштырып жатышат, ичинде бир мугалимдин эси ооп жатат. Эки дөө кагышса, бейажал чымын өлөт болуп…», — деп сүйлөдү видеону коштогон үн.

Аны менен катар, видеодо белгисиз аял класстагы отургучтарды бириктирип жатканын, анын тушунда ак халатчан аял кан басымын өлчөөгө аракет кылганын көрүүгө болот.

«Мугалимдин укугун ким коргойт» деген үн жашып кеткени байкалат. Ошондой эле коридорго топтолгон адамдардын нааразы болуп жатканын көрүүгө болот.

Мугалимдердин бири видеого мектептин жамааты «мындай чечим менен макул эмес» экенин, окуу жылы аяктаганча «күтпөй» 14-апрелден тартып 59 мугалим иштен бошотулганын кошумчалаган.

Мэрия эмне дейт?

Ал эми Бишкек мэриясынан окуу жайдагы нааразылыктар №1 гимназияны №71 Тоголок Молдо атындагы багар-көрөрү жок жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын мектеби менен бириктирип, «Тоголок Молдо атындагы мектеп-комплексин» түзүү жөнүндө чечимден улам келип чыкканын билдиришти.

Мекемеден, буга чейин педагогикалык жамааттан, Бишкек шаардык прокуратурасы менен шаардык кеңештин депутаттарынан №1 гимназиянын ишине байланыштуу кайрылуу түшкөнүн белгилешти. Мындан улам Билим берүү департаменти ведомстволор аралык комиссия түзүп, мектептин иши текшерилген.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө балдарга тамак берүүнү уюштурууда одоно мыйзам бузуулар аныкталган. Кадрдык жана уюштуруучулук иштер туура жолго коюлган эмес. Текшерүүнүн жыйынтыгында, интернат тибиндеги окуучуларга тиешелүү шарт түзүү максатында [...] мектеп-интернатты кайра түзүү чечими кабыл алынган», — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле, мэриядан №1 гимназиянын мугалимдеринин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашаган жерине жараша борбор калаанын башка мектептеринен жумуш орундары сунушталганын айтышууда.

Бишкек мэриясы аты аталган мектептин мурдагы директору Эмгек кодексинин негизинде жумуштан кеткенин баса белгилеп, «өз билемдик менен мектеп-интернатынын имаратын басып алгандыктан күч менен чыгарууга мажбур болгонбуз, мурдагы директор документтерди, иш бөлмөсүн өткөрүп бербей, убактылуу директордун милдетин аткаруучуга тоскоол болууда» деп кошумчалашты.

Билим берүү жана илим министрлигинен №1 гимназиянын айланасындагы окуя мекеменин көзөмөлүндө экенин, Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы жеринде иш алып барып жатканын билдиришти. 

Мектептеги окуу процессинин бузулушу жана чырга окуучулардын аралашуусуна жол бергендердин жопкерчилиги боюнча мэрия маалымат берген жок