«Жылыш бар, бирок өтө жай» — Президент Тажикстан менен чек ара маселеси тууралуу

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде Тажикстан менен чек ара маселесинин чечилиши тууралуу айтып берди.

Жапаров чек ара маселесинде «жылыштар бардыгын» айтып, бирок «өтө жай жүрүп жатканын» моюндады.

«Эгер эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен эки тарап тең чек ара сызыктарын сызууга макул болсо, тилкелерде бир эле айлык жумуш калды. Бирок тилекке каршы, кошуналар жакшы келе жатышып эле айрым тилкелерге келгенде бул жерди 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуштарын киргизе салып жатышат. Ошол үчүн маселе токтоп калып жатат. Чындыгында 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуш юридикалык жана моралдык жактан да туура келбейт. Анткени 1924-жылы алар да, биз да өзүнчө мамлекет эмес элек», — деди Жапаров.

Ал эгер эки тарап тең макул болуп, ошол карта менен чечебиз десе, анда чек ара тилкелеринин баарын кайрадан карап чыгып, бардык чек ара тилкелерин 1924-жылкы карта менен чечүү керек болорун кошумчалады.

«Ошол мезгилде эки тарап тең макул болуп, иштер тез кетип жаткандыктан, майга чейин чечип бүтөбүз деп болжогом. Тилекке каршы, бүтө элекпиз», — деп билдирди президент.

2022-жылдын ноябрында Жапаров Кыргызстан Тажикстан менен чек ара маселесин 2023-жылга чейин чечүүнү ниеттенип жатканын айткан. Бирок андай болгон жок.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасындагы талаштуу тилкелердин маселеси бир нече жылдан бери чечилбей келет. Мындан улам эки өлкөнүн ортосундагы чек арада утур-утур чыр же жаңжалдар чыгып турат.

2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киши экенин жазган.

Баткендеги куралдуу кагылыштын кесепетинен 417 үй талкаланган.