Быйыл өлкөдө Орозо Айт майрамы 21-апрелде белгиленет

Кыргызстанда Орозо Айт майрамы 21-апрелде белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Ошол эле учурда муфтияттан белгиленген күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмаланышы мүмкүн экенин айтышты.

Орозо Айт — мусулмандардын диний майрамы. Ал ыйык Орозо айы бүткөндө белгиленет. Жыл сайын өлкөнүн аянттарында Айт намаздары окулат.