Сокулук РИИБдин тергөөчүсү 100 миң сом пара алып жатканда кармалды

Чүйдөгү Сокулук РИИБдин тергөөчүсү 100 миң сом пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу 18-апрелде УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милициянын улук лейтенанты алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотууну убадалап 5 миң АКШ долларын талап кылган.

Бул факт боюнча «Опузалап пара алуу» беренеси менен иш козголуп, шектүү 100 миң сом алып жаткан учурда кармалган. Учурда тергөө уланып жатат.

Үстүбүздөгү жылдын февралында Нарын РИИБдин башчысынын сотко чейинки тергөө иштери боюнча орун басары жана тергөөчүсү кармалган. Шектүүлөр «ок атуучу куралды сактоо» беренеси менен козголгон иш боюнча бир нече тургундун баш коргоо чарасын оң жакка чечип берүүнү убадалап, 40 миң сом талап кылган.

Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Нарын РИИБдин жетекчисинин орун басары жана тергөөчү 20 миң сом пара алып жатканда кармалды

ИИМдин ага тергөөчүсү 200 миң сом пара алууга шектелип кармалды

УКМК Биринчи май РИИБнин тергөөчүсүн пара алып жатканда кармады